Сегизбаев, Илмиянов, Суюмбаевдер журналисттерди сатып алуудабы?

Атамбаевдин аткошчулары Абдил Сегизбаев,  Икрамжан Илмиянов жана Болот Суюмбаевдер журналисттерге акча таратып жатканы айтылууда. Аларга жакын адамдын айтымында, “ээнооз” атыгып калган бир катар журналисттерге пачкелеген долларлар астыртан берилип, тилин ооздуктап турушат. Булактын кабарлоосунда, мындай “гонорардын” суммасы айрым учурларда 3000 долларга чейин жетет жана аларды адатта тили заар, бирок оппозиция болумуш болуп кубулган калемгерлер алышат. Ал жазмакерлердин аттары да даана айтылып, бирок кошумча тактоо зарылдыгынан улам азырынча ачыктабай турабыз.

Коомдо А.Сегизбаевди “Геббельс”, И.Илмияновду “Шоопур” жана Б.Суюмбаевди “Бола телак” деп аташат. Алардын кызмат абалынан кыянат пайдаланып жасаган чалмакей иштерин казса далай шумдуктун башы чыгаары дайын. Сегизбаевдин ойлоп тапкан “Белизгейти”, Илмиянов менен Суюмбаевдин ар кайсы нерсеге күмөндүүлүгү “дың” боюнча турат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу