Сегизбаевдин аргасы куруду, Атамбаев жүзүн үйрүдү

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин башынан кара булут айланып, кайда барып калка издээрин билбей турат. Актанганы да окшошпой, жөн эле сүйлөсө да окшошпой, айтор бир кездеги өзүнө өзү окшошпой турганына жаны кейип турганын байкоого болот. Ичинен өзүн-өзү жектеп, «Ушунун баарын АША үчүн жасадым эле» деп ичинен «өрттөнүп», «Форум» жакты улам кылчактап карап коет. Бирок, ал жактан эч кандай ишаара байкалбайт. Себеби, АШАнын да А. Сегизбаевге карата таарынычы тоодой. Акыркы бир нече айдан бери А. Сегизбаев А. Атамбаевди көздөй такыр кадам таштабай койгон. Таштаган кадамдары дарыкана менен валюта алмаштыруучу жайларга гана болуп калганын да баары билет.

Бирок, бул жерде А. Сегизбаевдин таарынычын көбүрөөк түшүнүүгө болот. Себеби, «Белизгейтти» ал А. Атамбаевдин ашынган оппоненттерин жайлоо үчүн тогуз күн толгонуп, он күн ойлонуп отуруп оюнан чыгарган эле да. Анан ал УКМК төрагалыгынан кеткенден кийин Белиз өлкөсүнөн эч кандай трасттык документ келбегени ачыкка чыгып калып атпайбы. Мына ушундай убакта А. Атамбаевден үн чыкпай атканына А. Сегизбаев катуу бушайман жеп отурат. Алтургай өзүнүн жакын санаалаштарынын оозу менен социалдык түйүндөр аркылуу таарынычын да билдирип жиберди. Бирок, анын таарынычынан эми пайда жок. Себеби АШАнын өзүнүн да абалы жакшы эмес. Андыктан мыйзамдын алкагында гана жооп берүүгө туура келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу