СДПК депутат Мусабекованын ишин карайт

СДПК фракциясы Жылдыз Мусабекованын кылыгын талкуулашат. Бул тууралуу Акипресс агенттигине фракция лидери Иса Өмүркулов билдирген.

Мурда, ММКларда СДПК фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын «Алиби» гезитинин журналисти Упел Анаркулованы коркуткан аудиожазуусу тарап кеткен.

«Бул биз үчүн акылга сыйгыс. Депутат үчүн да, фракция үчүн дагы. Депутаттын мындай кылыгын биз ушу жумада өтүүчү фракциянын отурумунда карайбыз», ­деп билдирген И. Өмүркулов. Бул маселе боюнча депутат Мусабекова менен сүйлөштүңүзбү ? — деген суроого, азырынча сүйлөшпөгөндүгүн айткан.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу