СДПКчы депутат Кожобек Рыспаевдин Япониянын мейманканасындагы уят жоруктары…

Өткөн жумада СДПКчы депутат Кожобек Рыспаевдин Япониядагы Кыргызстанды уят кылган жосунсуз жоруктары тууралу жазган элек. Ал маалымат жарыяланары менен  ошол убакта Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеген кыргыз жараны биз менен байланышка чыгып, СДПКчы депутаттардын андан да ашып түшкөн уят иштерин айтып берди. Анда сөз өз оролу менен кетсин.

Ошентип СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат Япония парламенти уюштурган “Япондук шайлоо системасы” боюнча окууларга барбай 10 күн мейманканадан чыкпай чардашат. Кетерден бир күн мурун гана япон парламентинин спикери берген сый тамакка барышып, СДПКнын “маданиятын” япондорго көрсөтүшүп, кыргыз делегациясын уят кылышат. Эртеси делегация жолго чыгарда алардын мейманканада жасаган дагы бир жоруктары ачыкка чыгып, билинип калып чоң жаңжал чыгат.

Японияда коомдук жайлардын дээрлик баарында тамеки тартууга болбойт.  Ал үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөргө гана барып тартыш керек. Кыргыз делегациясы жайгашкан 5 жылдыздуу New Otani Tokio Hotel мейманканасынын жатак бөлмөлөрүндө да тамеки тартууга катуу тыюу салынган. Тартипти бузгандарга чоң айыппул салынат. Тамеки тарткысы келгендер ошол эле кабаттагы атайын жасалган тамеки тартуучулар бөлмөсүнө барып тартып келиш керек.

Биздин СДПКчы депутат баш болгон топ япондорду алдайбыз деп бөлмөлөрдө тамеки тартышып, тамекинин калдыктарын жаткан матрацтарынын алдына катып булгай беришиптир.  Кыргыз делегациясы кетип жатканда бөлмөлөрдү кабыл алып жатышкан мейманкана кызматкерлери муну таап алышып, полиция чакырып, чоң жаңжал чыгат. Төрт депутаттын ар бирине 700 доллардан айыппул салынса булар “акчабыз жок” деп байкуш болушуп, жаңжал чыгарып көгөрүп төлөбөй олтуруп алышат. Айласы кеткен япон парламентинин өкүлдөрү кыргыз депутаттарынын айыппулдарын өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришет да жолго салышат. Кызыккандар болсо бул окуяны New Otani Tokio Hotel мейманканасынын администрациясынан, япон парламентинен тактап алышса болот.

Төмөндө кыргыз делегациясы жашап уят болушкан New Otani Tokio Hotel мейманканасынын сүрөттөрүн жарыялайбыз:

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу