Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Узап бараткан жыл чиновниктер үчүн сюрприздерге бай болот”

NazarNews.kg маалымат агенттигине төлгөсү төп келген Света Тойгонбаева узап  барткан жыл тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

—Узап бараткан жылды ыраазы кылып, чиновниктер топук кылып, түлөө өткөрүп, садага берип, элдин батасы алып, жылды жакшы узатышпаса, жыл жыйынтыкталып баратканда  көпчүлүк чиновниктер үчүн күтүлбөгөн сюрприздерге бай болуп, ойлору оңунан чыкпай калышы мүмкүн деген аян түштү.

Келе жаткан жыл бирде ысык, болуп айрым облустарда кургакчылык орун алса, бирде жаанчыл болот деген аян келди. Ошондой эле ГЭСтерге суу жылдагыдан ашыкча топтолуп, электр энергиясын көп өндүрүп, ГЭСтер жакшы иштейт.

Буюрса ордо калаада эки чоң имарат курулат. Ажобузга ийгилик келет. Кыргызстан мамлекет катары көп жакка таанылат. 2019-жыл чиновниктер үчүн болбосо да, эл үчүн жакшы жыл болот.

P.S төлгөчү Света Тойгонбаевага  байланышып, жолун ачтырып,  төлгө салдырам дегендер болсо, 0709 21 78 58 номерине байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу