Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди кечирбеши керек”

Төлгөсү төп келген, айткандарынын көбү туура келген төлгөчү Света Тойгонбаева менен экс-президенттин тагдыры жана анын кызматтан кетип жаткан кадрлары жана кайсыл саясатчыларга  ийгилик жылмаяры тууралуу ой бөлүштүк.

Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Шаршеновичтин айрым катуу сөздөрүн айкөлдүккө салып, кечирип коюп жатат. Чынында аны кечирбеш керек. Себеби, ошол кечирими анын башына муш болот. Ишин аксатат, чоң тоскоолдуктарды жаратып, элдин ага болгон ишенимин жок кылат.

Чынын айтыш керек Сооронбайга таланган Кыргызстанды бутуна тургузуш кыйынга турат. Ошон үчүн Атамбаевге өзүнө жараша мамиле кылбаса кийин өкүнүп калат. Мен бул сөздү Атамбаев менен Жээнбековду тирешин күчөтөйүн деп айткан жокмун. Азыр чара көрбөсө, кийин кеч болуп калаарын, эл ээрчибей коёрун айтып коңгуроо кагып жатам.

“Ажо бир жарым жыл жакшы иштейт”

Мамлекетим үчүн иштейм, элиме кызмат кылам деген дымагы болсо да, эмнегедир Сооронбай  Жээнбековдун жолу катуу болуп жатат. Ал мамлекет башына келгени Кыргызстанда кырсыктар көп болот.  Ошон үчүн тазаланышы, кара дубалардан арылышы керек. Болбосо, кара дубанын кесепети Сооронбай Жээнбековду эле эмес, карапайым элди да кыйнайт. Быйылкы жылы карапайым эл катуу кыйналат.

Булак: Майдан гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу