Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Атамбаев ден соолугун карабаса, 8-9 айдын аралыгында өмүрүнө коркунуч жаралат”

Төлгөсү төп келген, айткандарынын көбү туура келген төлгөчү Света Тойгонбаева менен экс-президенттин тагдыры жана анын кызматтан кетип жаткан кадрлары  жана кайсыл саясатчыларга  ийгилик жылмаяры тууралуу ой бөлүштүк.

-Атамбаев  кандайдыр маселелеримди чечем, ден соолугума кам көрөм деген максатта кытайга барды. Анткени, анын ал жакта дагы бизнес жаатында жолго салчу иштери бар. Ошолорду жайгарыш үчүн көпчүлүктү таңгалдырып, кытайга жол тартты.

Мага түшкөн аянга таянсам, Атамбаев учурда үч жолду тандап жатат. Биринчиси, бизнесин колго алгысы келет. Экинчиси, Кыргызстанды тымызын башкарып, Сооронбайга таасир этүүнүн жолун издеп жатат. Үчүнчүсү, калган өмүрүн башка мамлекетте өткөрүүнү пландап жатат. Кыскасы, азыр экс-президент үч жолдун кайсынысын тандаарын билбей турат.  Эгер Атамбаев баштагыдай саясатка аралашып, башкарууну колго алса, анын пайдасын эмес азабын тартат. Ошондой эле ден соолугун карап, дарыланбаса, 8-9 айдын аралыгында өмүрүнө коркунуч жаралат.

Атамбаевди укмуш нерсе күтпөйт”

Кыскасы, кайсы жолду тандаса да, Атамбаевди укмуш нерсе күтпөйт. Эгер Атамбаев мурунку президенттердей болуп, башка мамлекетте жашоого аргасыз болсо, аны кайсыл мамлекет батырат деген ой көпчүлүктү кызыктырып жатат. Алмазбак Атамбаев Кыргызстандан кете турган болсо, Россия аркылуу аларга жакын жайгашкан бир мамлекеттен баш паанек алат.

Булак: Майдан кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу