Свердлов районунун салыкчыларына кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык прокуратурасы Салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Буга аталган бөлүмдүн кызматкерлери материалдык пайда табуу үчүн салык мыйзамдарын бузганы себеп болгон. Тагыраагы — алар биринчи топтогу майып жарандын макулдугусуз, кол тамгасын жасалмалап ага патент беришкен жана дагы бир жаранга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товар ташууга уруксат берген тастыктама жасашкан. Акыркы белгиленген жаран ушул документтерди пайдалануу аркылуу биримдикке кирген мамлекеттерден Кыргызстанга расмий түрдө товар ташып келип турган.

Салык кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгына ылайык, мыйзамсыз берилген патенттин негизинде 2018-жылдын январь айында Кыргызстанга 119 млн. 228 миң сомдук товар алынып келинген. Ага 14 миллион 307 миң сом салык төлөнгөн эмес. Мунун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Тергөөнү уюштуруу үчүн кылмыш иши тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу