Саясый банкроттун кезектеги жадатма монологу же экс-президенттин «Апрелдеги» интервьюсунан кийинки сөз

Алмаз Атамбаев президент болуп турганда аны Акаевчилер, Бакиевчилер сындап, куугунтуктай бергендигинен улам апасы ооруп калып, андан оңоло албай көз жумгандыгын көп айтчу. Ошондон улам биз экс-президенттин апасы 2007-2009-жылдарда дүйнөдөн кайтса керек деп жүрчүбүз. Атамбаев ушул жылдын 10-декабрында өзүнүн “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда 1995-жылы апасына аш бергенде, ага Ч.Айтматовдун келгендигин айтты. Эгерде аш кеминде бир жыл өткөрүлүп бериле тургандыгын эске алсак, анда экс-президенттин апасы болжол менен 1993-1994-жылдарда дүйнөдөн кайткан экен.

Ал убакта Алмаз Атамбаевди Кыргызстан Жазуучулар союзундагылардан башка эч ким деле билчү эмес, саясатчы катарында деле тааныла элек болчу, ал 2000-жылдардан кийин гана оппозициячыл катарында тааныла баштаган. Демек, анда анын  “апам да мени куугунтуктагандын айынан көз жумган” деген сөздөрү кудайга сыйбаган калп болуп жатпайбы.  Өз ажалынан өлгөндү да Акаев менен Бакиевге шылтаганы эч кандай адамгерчиликке, моралга ылайык келбейт. Өз максатына жетүү үчүн ар кимдерге акча берип, арак-шараптарды куюп, жазыксыз бечараларды ок алдына айдаса да, апасынын арбагын сыйлап, андай саясатка аралаштырбай эле койсо болмок…

Сөздү мындан баштаганыбыздын себеби, айтылган факты — экс-президенттин кудайдан жөө качкан жалганчы экендигин, ал саясый максатына жетүү үчүн башкалар түгүл өз апасынын арбагын да аябай тургандыгын даана көрсөтүп турат. Ал жалаң ушундай жолдор, “миң адам өлсө да бийликти алабыз” (Ф.Куловдун китебинде), “беш-алты дурачок өлсө, компенсациясын берип койсок, жакындары унчукпай калышат”,- деген ыкмаларда өз максаттарын жүзөгө ашырып келген.  Аталган интервьюсун “аягы жаман бүтөт окшойт” деп аяктагандыгына, мен баары бир баарын жеңип чыгамын деген дымагына  караганда мындан ары да андай жолдордон кайтпай тургандыгы  айкын болду.

10-декабрдагы интервьюсунда экс-президент негизинен 19-ноябрда ушул эле өзүнүн менчигиндеги телеканалга орусча берген интервьюсундагыларды кайталады. Бирок, кыргызча сүйлөгөндөгү адатына түшүп, К.Дүйшөбаевди мурда “тамекиге, пирожкиге акча сурап жүрсө, 2010-жылдын апрелинен кийин мультимиллионерге айланганын айтып, анын мародергейтке тиешеси бар” дегенди кыйытып кетти. Ал канчалык деңгээлде чындыкка жакындашат, аны аныктап, тактоо, албетте, укук коргоо органдарынын иши, бирок андан ары сүйүктүү стихиясына биротоло сүңгүп  кетип, саясый атаандаштарын мазактап, шылдыңдаганга өтүп кеткендиги чектен чыккандык болду. Ал Азимбек Бекназаров менен К.Дүйшөбаевди эки тарапты чабыштырып, андан пайда тапкылары келип жаткан кузгундарга теңештирди. Сагынбек Абдырахмановду, Д.Тербишалиевди кутурган чөөлөргө салыштырып, алар “Кыргызстандын кутурган чөөлөр партиясын” же ККЧПны түзүп алышса, жакшы болмок деп мазактады.

Экс-президенттин бийликте турганда саясый атаандаштары, айрым журналисттер жөнүндө айткан шылдыңдаган, мазактаган  сөздөрү эң кеминде беш-алты соттук кароолорго негиз болмок, бирок алардын бири үчүн да укуктук чара  көрүлбөгөндүктөн  ал атаандаштарын мазактаганын, шылдыңдаганын токтотпой келатат. А.Бекназаров, К.Дүйшөбаев, Н.Түлеев, С.Абдырахманов ж.б. жөнүндө айткандары башталышы  гана, келечекте андайлардын көбүнө күбө болот окшойбуз.

Бул ирет ал аракеттеги президент менен түштүктөн чыккан кадрларды кайраштырууга өзгөчө басым жасагандыгын айтуу керек.  Ал: “мени сатып кетишти, кадрларды тандоодон жаңылдым, ал үчүн элден кечирим сурайм, мен абдан ишенчээкмин, эмнелерди айтышса деле ишене берчү элем”,- дегендей арман-асиреттерден кийин түштүктүк кадрларды өстүргөнгө Сооронбай  Жээнбеков бут тосчу дегени мына ошол максатта айтылды.

Биз мында экс-президенттин реалдуу абалды, чындыкты бурмалаган жалгандарынын айрымдарына токтолуп, анан “араздашууну аракеттеги президент өзү баштады, дагы деле жарашсам деген оюм бар” дегенди кыйыткандыгына талдоо жүргүзүп, макаланы жыйынтыктагыбыз келет.

Канча контраргументтер келтирилип, жабдуудалардын, шаймандардын канча эседен кымбат алынгандыгы, ЕРСтик келишим Кыргызстандын аракеттеги мыйзамдарынын эң кеминде 5-6суна каршы келгендиги, 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана жаңылангандыгы жөнүндө  канча айтылса деле, ал: “ЕРСтик келишим туура болгон, мен ага сыймыктанамын, долбоордон  айрымдар уурдашкандыр, бирок С.Исаков менен К.Кулматов сүттөй таза” дегенди жадабай кайталап келет. Ага оппоненттери ЖЭБди жетектегендердин айрымдарынын айтуусу боюнча, аны модернизациялоодо 130-150 миллион доллардын уурдалгандыгын айта берип жадашты, бирок экс-президент демагогиялык  өз позициясынан кайтпады. Биздин оюбузча, кайтпайт да окшойт, анткени ал анын саясый келечегине гана эмес, эркиндикте жүрүүсүнө да байланышкан маселе. Ал мурдагы интервьюсунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ар мегаваттык кубаттуулукка 1,28 миллион доллар жумшалгандыгын айтса, бул жолу да ошонусун кайталады. Мына ошолорду  айтып жатканда, эгерде алып баруучу журналист эркин, ага көз каранды эмес болсо, “Бишкек ЖЭБи модернизацияланганга чейин анда канча мегаваттык электр энергиясы өндүрүлчү эле?”- деген тактама суроону бермек. Ошол замат экс-президенттин калпы ачыкка чыкмак, анткени анда модернизациялаганга чейин 180 мегаваттык электр энергиясы өндүрүлүп келген, модернизациялагандан кийин долбоордук кошулганы 120 мегаватт болду. Бирок, иш жүзүндө ар кандай себептерден улам ЖЭБде азыр деле толук 300 мегаваттык электр энергиясы өндүрүлө элек. Демек,чындыкты аныктоо үчүн ЖЭБге жумшалган чыгымдарды  300 мегаваттка эмес, модернизациялангандан кийин кошулат деген 120 мегаваттка гана бөлүү керек. Бул биринчиси.

Экинчиси, Бишкек ЖЭБи электр энергиясын өндүрүүгө эмес (ал кошумча продукция гана), борбор калаанын тургундарын жылуулук менен камсыз кылууга адистештирилген. Модернизациялангандан кийин ЖЭБдин жылуулуктук кубаттуулугу канча гикакалорияга  көбөйдү? Тилекке каршы, экс-президент интервьюларында, билдирүүлөрүндө бул тууралуу ооз ачпайт. Ал дайыма элдин көңүлүн негизги маселеден алыстатып, экинчи  пландагы  маселеге буруп  кеткенге, бурмаланган сандар менен элдин башын айландырганга гана аракеттенип келет

Ал дайыма “Тажикстан Дүйшөмбүдөгү  ЖЭБди реконструкциялоо үчүн ТВЕАга эки алтын кенин өткөрүп берди, биз 386 миллион долларлык насыяга гана курдурдук”,-  дегенди жакшы көрөт. Эгерде Тажикстан эки алтын кенин иштетүүгө берип, өздөрү бир тыйын да карыз болбостон Дүйшөмбүдөгү ЖЭБди толук реконструкциялап,  кубаттуулугун эки эсеге көбөйтүп, электр энергияларын өндүрүүнү 400 мегаваттка жеткиришсе, чындыгында эрдик кылышкан. Атамбаев премьер-министр, президент болуп турганда биздин Ала-Бука, Чаткалдагы алтын, күмүш кендерибиздин  300 сомдон кытайларга, казактарга, түрктөргө берилгени жалганбы?  Бишкек ЖЭБи үчүн алынган 386 миллион доллар 500 миллион доллар болуп кайтарылууга тийиш. Ала-Бука, Чаткалда ар кимдер иштетип жаткан, алдынын 80-100 тонна, артынын 20 тоннадан корлору бар кендерден жакынкы он-он беш жылда жогоруда айтылгандарды айтпай эле коёлу, 100 миллион доллар киреше түшөр бекен? Анын жарымынын түшүшү да күмөн. Демек, тажиктер акылдуулук кылышканбы же бизби?

Анан АШАнын ТВЕАга  Кытай Өкмөтүнүн сунушу боюнча артыкчылык берилген дегени да ыйманын жеген калп. Эгерде маселе эки өкмөттүн деңгээлинде чечилсе, эмне үчүн  ошол убактагы өкмөт башчылары ал маселеден четте калып,  бардыгы президенттин аппаратынын тышкы иштер бөлүмүндөгү С.Исаков  аркылуу тейленип, тескелген? Анан кандай көк мээ Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин соода экономика боюнча кеңешчисин Өкмөттүк деңгээлдеги чиновник деп атай алат? Ал Тышкы иштер министрлигиндеги кеңешчилердин, өкмөттүн аппаратындагы референттердин деңгээлиндеги, ошолор менен гана сүйлөшө турган адам. Аны Өкмөт башчысындай же орун басарларынын бириндей кылып көрсөтүү, арга кеткендеги гана айла.

АШАнын Н.Түлеевди Мюнхаузенге теңештиргендигин өз абийирине койдук, ал экөөсүнүн жекече маселелери, бирок ал  мамчиновник болгондон кийин байып, мультмиллионер болуп кетти дегени да чындыкка жакындабайт. Н.Түлеев атасы экөөсү 2000-жылдардын башталышында эле долларлык миллионерлерден болушкан, аны АША гана билбесе, элдин баары билет.

Эң акырында АША  аракеттеги президентке Ф.Ниязовду баш кылып, эки-үч депутатты салып, ымалага келише албагандыгын айтты. Ага чейин АША аракеттеги президенттин ички иштерине, кадрдык чечимдерине чейин кийлигишип, жолуккан жерлерде ар кандай опузаларды айтып, биротоло жинине тийип бүтсө, анын үстүнө ашкереленген коррупциялык жаңжалдардын бир учтары ага барып такалып жатса, ал эмне үчүн жөнөкөй этика, нормалдуу жүрүм-турум эмне экендигин билбеген, коррупциянын анабашчысы экендиги ашкереленип жаткан адам менен элдешүүсү керек? Аракеттеги президент коррупцияга каршы элдешкис күрөш жарыялагандан кийин экөөсүнүн жолу  элдешкис болуп, биротоло эки тарапка кеткендигин алигиче  түшүнбөй жүрөбү?

Жыйынтыктап айтканда, АША жөн эле дөөлөтүн көтөрө албады, жогорку бийликке кокустан эле временшиктер деген авантюристтер алып келип коюшкандыгын, чындыгында андай кызматтын жарымына да татыксыз экендигин көрсөттү. Ал мамлекеттеги эң жогорку постто жүргөнүндө ажаан катындардай найнык сөздөрдү айта берип, ар өлкөлөрдүн жетекчилерине тийишип, өлкөнүн абийирин кетирди. Жок дегенде Б.Ельциндей болуп  кызматтан кеткенде татыктуу жүргөндү да билбеди. Ар нерселерди айтып, элдин биримдигине, ынтымагына доо кетирип, легитимдүү бийликти коркутууда. Кыргыздар андайды, саткай сарым, эмне болсоң, ошол бол деп коюшат. Биз да андан башкага кошула албайбыз.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан. kg гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу