Саясий маданияттын СИМВОЛДОРУ!

Бүгүнкү күндө саясатка аралашып саясатчы болсоң болот, бирок ошол саясатта өз ордуңду кандай табасың, кайсы жолду басасың, элиң үчүн, мекениң үчүн эмне иштерди аткарасың кеп ушунда. Азыр көпчүлүк саясатчылар элге кызмат кылганды кой, өзүн-өзү алып жүрүүнү, эл менен иштешүүнү билбейт. Учурда капчыгы калындардын баары саясатка аралашып кирип келди. Менимче чыныгы мекенчил саясатчы тар жол, тайгак кечүүнү басып өтүшү керек. Бул жолдон сүрүлбөй өткөн саясатчылар чанда кездешет. Анткен менен андай саясатчылардан уучубуз куру эмес. Чыныгы саясаттын үлгүсүн көрсөтүп келе жаткан Аликбек Жекшенкуловду мен накта мекенчил инсан деп айтаар элем. Аликбек Жекшенкулов саясаттагы даңгыр жолунда башынан эмнелерди гана өткөргөн жок. Ар-дайым өзүнүн акылмандыгы менен, кайсы жерде иштебесин майын чыгарып ошол мекемени гүлдөтүп жогору деңгээлге чыгарганын кесиптештери мактаныч менен айтып жүрүшөт. Кара кылды как жарган акылы менен, кыргыз саясатчыларынын үлгүсү деп айтсак жаңылышпайбыз. Аликбек мырза ар-дайым чынчылдыкты туу тутуп, Бакиев мезгилинде алардын туура эмес саясатына каршы чыгып, оппозициянын башын бириктирип, бир нече каршылык акцияларын уюштуруп Бакиевдин жүрөгүн оозуна кептеген. Айласы куруган Бакиев жалган жалаа менен Жекшенкуловду камакка алды. Бирок Жекшенкулов андан коркуп, же багынып берген жок. Тескерисинче аягына чейин турду. Акыры Бакиев өзү өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болду. Ал эми бүгүнкү бийликке дагы бир топ сындарды айтып бул бийликтин да айласын кетирдиби айтор, бул бийлик дагы Жекшенкуловго карата «Юпигейт», «Үңкүр тоо гейт» операциялрын уюштурду. Эч кандай илинчээк таба албай акыры айлалары куруду. Бекеринен Аликбек мырзаны өлкөдөгү №1 ДИПЛОМАТ деп атабаса керек. Канткен менен мыкты дипломат эмеспи, бийликтин жалган жалааларына чычалап жатып калбай, аргументтер менен аларга жооп берип өзүнүн ак экенин ар-дайым далилдеп келет. Аликбек Жекшенкулов эч качан кызмат-мансапка жулунбаган, абийири таза, принципиалдуу, мекенчил инсан экенин билебиз. Белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдун, Аликбек Жекшенкулов саясий маданияттын, айкөлдүктүн, символу деп, Орусиянын белгилүү саясатчысы, бир топ жыл премьер-министр болуп иштеп Орусиянын экономикасынын өсүшүнө опол-тоодой салымы бар, Орусялыктардын сыймыгы болгон Евгений Примаковго салыштырып айткан жайы бар.

Ташбоо Жумагулов:

— Бүгүнкү күндөгү кыргыз саясатчыларынын ичинен, үлгүлүү саясатчы деп Аликбек Жекшенкуловду эсептейм. Менин байкоомдо А. Жекшенкулов саясий илимдеринин доктору, чыгаан дипломат, өз оюн жеткире түшүндүрө алган, саясий атаандаштарды ынандыра алган ошол эле мезгилде башка саясатчылардын оюн жана пикирин сыйлай билген инсан. Азыркы учурда коптогон саясатчыларга ушундай касиет жетишпейт. Чет элдик саясатчылардан Орусиянын белгилүү саясатчысы болгон Евгений Примаковду айтаар элем. Негизи биздин саясатчылар ушул эки инсанга карап түздөнүшсө абдан жакшы болмок.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу