Саясат дагы, Ысык-Көл дагы ысып атат…

Кыргызстанда 7-10 авгусгка чейин күндүн табы азыркы ысык абалынан кайтпаарын
синоптиктер билдирүүдө. Анан калса борбор калаабыз Бишкек шаарында ысыктын табы
күндүзү + 40 градустан ашса ашып, түшпөй турат. (Айрым тоолуу жерлерде жааган
жамгырды эсепке албаганда) Президент болчумун дегендердин борбордук штабдары да
борбордо жаqланышканданбы, ар бир штабдын ичиндеги саясий абал даuы + 40
градустун тегерегинде болуп жатат.Айрыкча чоң калибрдеги талапкерлердин штабында.
Ал ортодо Чолпон-Атадан туруп ажобуз:
“КСДПнын талапкери болбогондо Бабановду колдойт элем” деп ийгени да ансыз деле
саясат менен ысыктын аптабына “ыксырап олтурушкан” саясий чөйрөнүн темпратурасын
ого бетер көтөрүп жиберди окшойт, эки кишинин башы бириккен жерде эле «шыбыр-
шыбур» болуп жатып калышты. Бирок, тыйындын деле, таяктын деле экинчи жагы бар
болгондой ажо ал сөзүн коомчулукка бир нече вариант менен айткандай эле туюм
жаралды, көпчүлүгүндө.Эми «кайсы варианты» экенин убакыт көрсөтөөр.Ошондуктан
айрымдар түптүз эле түшүнүп, шапкелерин
көккө ыргытпай койо турушсун деген эле ой…Накта көзүр жүрүштөр али да алдыда.
И-ии баса аба ырайы жөнүндө айтып жатпадык белек, азыр ушу тапта кыргыз Сочиси-
көгүлтүр Көлдүн жээгинде да абанын ырайы болушунча кайнап атат,15 мүнөт күнгө
турсаң капкара болуп каласың. Ош, Жалал-Абад, Баткенде да “экөө” тең ысык. Мындан
Нарын тарапта ысыктык күчү күндүзү күүлөнүмөш болгону менен кечкисин кадимкидей
эле салкын…
Кыскасы, жай мезгили өзүн көргөзүүдө, ээ окурман?

Булак: “Айгай-пресс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу