26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” телеканалына каршы берген доо арызы боюнча териштирүүнү уланат. Бекназаровдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышат.
15-февралдагы соттук отурумда Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз каралап, кадыр-баркына шек келтиргенин, максат Атамбаев же телеканалдан акча өндүрүү эмес экенин айткан.
Экс-президенттин жактоочусу Кантемир Турдалиев Атамбаев “Апрель” каналына берген интервьюсунда массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды гана айтканын, доогерлердин дарегине эч кандай каралоо болбогонун билдирген.
Аты аталган саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.