САЯСАТЧЫЛАРДЫН ЖҮЗҮ МЕНЕН СҮРҮ… КАЧА ТУРГАН ЭМЕС, КАЧЫРА ТУРГАН САЯСАТЧЫ…

Өзгөчө тагдырдын ээси, өзгөчө саясатчы Өмүрбек Текебаевдин эртеӊ туулган күнү. Өзүнө гана энчилүү күндүн алдында аталган саясатчынын жүзү менен  сүрүнө көз чаптырып көрөлү дедик.   Өмүрбек Текебаевде бул эки сапат теӊ жетиштүү. Жогорку Кеӊештин алты жолку чакырылышынын депутаты, оппозициянын көч башында жүргөн  адамдын татаал жана сыймыктуу өмүр жолу эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Кыргыз саясатында эгемендүүлүк менен кошо Өмүрбек Текебаевдин ысымы тарыхта кала турганы шексиз. Муну анын каршылаштары канчалык каалабаганы менен тарыхты биз жазбайбыз. Жарым өмүрүн саясатка арнап келе жаткан Өмүрбек Текебаевдин ар бир кадамы, ар бир айткан пикири, ар бир көтөргөн маселеси жөндүү болуп келди. Ошол себептен жактагандар дагы, жактырбагандар дагы аны менен аргасыздан эсептешет.

Өмүрбек Текебаевдин өлкө алдындагы эӊ чоӊ сиӊирген эмгеги  башаламандыкка баш койгон Кыргызстанды эки жолу укуктук талаага кайтарып келди. Билмексенге салганыбыз менен мамлекет катары бүлгүнгө учурабай, бүтүндүгүбүздү сактап калганыбыз чоӊ жеӊиш болгон. Учурунда качып кеткен Аскар Акаевдин арызын жаздырып, Курманбек Бакиев жоопкерчиликсиз түрдө таштап кеткен өлкөнүн укуктук жагдайын түздөгөн. Мунун баарын биз жокко чыгаргыбыз келсе дагы тарых жокко чыгарбайт.

Эӊ эле кызыгы, коӊшулаш өлкөнүн жетекчилери, ошол эле Кыргызстандын экс-президенттери бул саясатчы тууралуу, анын ким экендигин билип турушса дагы үн катыша элек. Анткени, жалпак тил менен айтканда «куну жок» саясатчы экенин мыкты билишет. Арызын өз колу менен жаздырып алган Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болуп Өмүрбек Текебаев камакка алынганга чейин дагы, андан бери дагы ооз ачышкан жок. Ал киши тууралуу анда-санда тескери пикирин билдиргендердин    дээрлик бардыгынын таарынычы жеке керт башына тиешелүү, пенделик кызыкчылыктан чыга албаган жагдайлар болуп чыгат. Өмүрбек Текебаевдин алардан артыкчылыгы майда маселе менен мамлекеттик маселени аралаштырбай өз нугунда алып келе жаткандыгы.

Биз камакта жаткан «Ата Мекендин» лидеринин тагдырына кейип-кепчибей кеп кылып жатканыбыздын жөнү бар. Анткени, жаратылышынан майышуу эмне экенин сезбеген саясатчы ушул бүгүнкү күндө  саясатка түздөн-түз  таасири тийбесе дагы кыргыз бийлигин коркунучта кармап келе жатат. Кайсы бир жагдайдан улам ал бир күнү чыга турган болсо, кыргыз бийлигине буту илээшкендер мурдагылардын тагдырын кайталай турганын билишет. «Өмүрбек Текебаевди абак сындырат, ал чыкса деле  мурдагыдай боло албайт» дегендер тереӊ жаӊылып жатышканын сезбей жаткан өӊдүү. Анткени, анда саясатта жүз менен кошо сүр жетиштүү. Кармаганын капшырган мүнөзүн бардыгыбыз билебиз. Тарыхта  зындандан чыккан Балбай атанын  босого  жөөлөп кеткен көкжалдыгы айтылып келет эмеспи. Анын сыӊарындай майышпаган мүнөздүү саясатчы сынып-бүлүп кала тургандардан эмес. Өзү бир кезде партиясын «кача тургандардын эмес, качыра тургандардын партиясы» деп атагандай, ал «кача турган эмес, качыра турган саясатчы».

Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагылар мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп, саясатчынын бетине «көө жапканга» аракет кылып,  камаганы менен анын байсалдуу жана бараандуу өмүр жолуна көлөкө түшүрө албай турганы шексиз. Анткени, туруктуу позициясы, саясаттагы өзгөчө орду менен Өмүрбек Текебаев өзүнүн ким экендигин кыргыздарга жана кыргызстандыктарга далилдеп койгон.

Өзү айткандай акыркы окуялар  Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин кармашы эмес ак менен каранын кармашы болгон. Анткени, Алмазбек Атамбаев дагы пенде. Кимдердин аркасы менен Президент болуу бактысы маӊдайына буюрганын унутуп, дөөгүрсүгөн пенделиктен чыга албаган адам менен Өмүрбек Текебаев кармашууну максат кылган эмес. Ал 2010-жылдагы элдин үмүтү уурдалып, өзү баш болуп ишенип, бийликке алып келгендер көрпенде экенине көзү жеткенден кийин каршы чыкты. Анткени, анын мүнөзүндө жаратылышынан теӊсиздик менен күрөшкөн көкжал мүнөзү бар. Кай мезгил, кимдин бийлиги болбосун ал адилеттик үчүн күрөшкөн саясатчы. Биз муну ушундай кабыл алууга тийиш элек. Тилекке каршы, ар ким ар кандай жоруп, Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин эрегишинен улам чыгып кеткен «оюндай» кабыл алышууда.

Мамлекетке тиешелүү талылуу маселелерди таамай көтөрүп чыгуу, саясатты бир заматта сапырып салуу жагынан анын алдына чыккан адам боло элек. Керек болсо, Өмүрбек Текебаев камакка алынганы Жогорку Кеӊештин бары-жогу билинбей барк-баасы, сүрү кете түштү. ООНго барып бирди, элге келип башканы кылган Алмазбек Атамбаев «Суу Кодексине» кол коюп, чыккынчылык кылып, кызматтан кетип калды. Анын жетегине кирип берген эл өкүлдөру эки жыл мурун аталган маселени так ушул Өмүрбек Текебаев токтотуп калганын жакшы билишет. Мигранттар тууралуу маселени көтөрүп алып чыккан дагы Өмүрбек Текебаев болгон. Кумтөр, Мегаком, Дача-СУ айтор кандай маселе болбосун, кабыргасынан коюп, кыргыз бийлигинин ар дайым үшүн алып келген Өмүрбек Текебаевдин жоктугунан пайдаланып, учурда өз билгендерин кылышууда. Эӊ эле өкүнүчтүүсү баарыбыз, кыргызга тирек болуп келген, позициясы туруктуу, мамлекеттик деӊгээлдеги саясатчыны «чөө сымалдарга» салып берип коюп, карап отурабыз.

Жакында эле Михаил Саакашвилини камактан алып чыгып кеткен украин элин карап туруп,  айрымдар Өмүрбек Текебаевди салыштырып, «ал дагы ушундай болгондо абактан чыгарып кетмек» деген арсар оюн айтышты. Бирок, алар маселе Михаил Саакашвилиде эмес элде дагы экендигин аӊдашкан жок өӊдүү. Улуту грузин Михаил Саакашвилинин баркына каны бөлөк украиндер жетти. Биз каны бир, эли менен жаны бир, болгондо дагы бүтүндөй өмүрүн саясатка арнап келе жаткан адамдын баркына жете алган жокпуз. «Сен милдеттүүсүӊ» деген көз караштан, ким бийликке келсе ошонун ырын ырдап кеткен оомалыктан кутулмайынча шордон арылбай турганыбызды аӊдай элекпиз. Азабын тартып келе жатсак деле курсак тойгонуна кубанган мезгил. Биз билгенден, Өмүрбек Текебаев ушунча жыл «мен мамлекетке, анын бүтүндүгүнө, саясатына, адилеттикке жетишине өмүрүмдү арнадым, баркымды билбей койдуӊар» деп таарыныч кылган эмес. Муну биз жазып жатабыз. Жок дегенде, камакта жатканда кадырын билели деген ойдобуз.

Саясатчылар келет, кетет. Саясат калат. Ал эми тарыхта Өмүрбек Текебаевдей өзгөчө ат менен калуу кыйын. Ал үчүн жаратылышынан акыл-эс, көрөӊгө, дээр менен деӊгээл, саясатта жүз менен сүр болушу керек. Өмүрбек Текебаевде улут сыймыгы, журт атасы болууга бардык сапаттары жетиштүү. А түгүл ушул турушунда улут лидери деп кабыл алууга болот. Жок деген «жакшыны кордосо, жаманга кор болоор» мезгилде жашап туруп, ушуну ойлонсок болмок. Өмүрбек Текебаев ушунча жылдар аралыгында саясаттын бардык ой-чуӊкурун, керек болсо учурдагы мыйзамсыз кылмыш ишин баштан өткөрүп жатып мокогон жери жок. Бул элди артынан ээрчите турган сапат. Өмүрбек Текебаевди эртеӊки туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук каалап, элита сынса дагы, эл сына электигин, ал сыяктуу улуу иштердин башында турган уулдарын күтүп жаткандыгын белгилемекчибиз.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу