«Саякбай» тасмасы төрт тилге которулду

«20-кылымдын Гомери» аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалын жана манасчылык өнөрдүн касиетин чагылдырган «Саякбай» көркөм тасмасы төрт тилге которулду. Бул тууралуу «Саякбай манасчы» эл аралык фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тасма Монреаль эл аралык кинофестивалына француз жана англис тилдерине которулуп жөнөтүлгөн.  Мындан сырткары, ал орус жана кытай тилдерине которулду.

Кошумчалай кетсек, «Саякбай» тасмасынын бет ачаары 7-сентябрь күнү Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өтөт. Ошондой эле, Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп баштайт. Тасма «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун каржылык колдоосу менен тартылган.

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Башкы ролду актер Марат Жанталиев ойногон жана негизги ролдорго  Тынара Абдразаева, Эльдар Айтматов, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана Үмөт  Дөөлөтов тартылган.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу