«Саякбай» тасмасы Монреалдагы кинофестивалда баш байгени багындырды

Кыргызстандык тасма «Мыкты инновациялык тасма» категориясы боюнча катышкан 

 «Саякбай» тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байге — «Алтын зенитке» ээ болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине «Саякбай манасчы» эл аралык фондусунун жетекчиси Самат Ибраев тастыктады.

Анын айтымында, аталган тасма «Мыкты инновациялык тасма» категориясы боюнча ат салышкан.

«Кинофестиваль 24-августта башталып, 4-сентябрда жыйынтыгы чыкты. Биз катышкан категорияга дүйнө боюнча 250 тасмадан арыз түшүп, 18и чакыруу алган. Натыйжада баш байгени «Саякбай» тасмасына ыйгарышыптыр. Сыйлык тапшыруу аземине өзүбүз бара албагандыктан Кыргызстандын Монреалдагы ардактуу консулу катышты», — деди Ибраев.

Эскерте кетсек, буга чейин Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Ата керээзи» фильми «Алтын зенитке» ээ болгон.

Кыргызстанда «Саякбай» тасмасы 7-сентябрдан тарта көрсөтүлө баштайт.

Булак: Sputnik

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу