Сатыбалдиев уктай албайт жатат, жомок айтып бергилечи

Дагы деле табалагыбыз келбейт, тооба дейбиз, бирок ушу кыргыз саясатчыларынын коррупциялык илинчектери билинип, кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалышса эле, «ай ичим, ай башым» деп онтолоп «ооруп» калмай адаттары калбай атканына бир аз капабыз. Буга чейин мына ушундай «диагнозго» кимдер кабылганын эскертип отуруунун деле кажети жок болсо керек. Андан көрө ошол «диагноз» менен бүгүн ким «ооруп» атканын кеп кылалы. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупцияга айыпталгандардын бири, абакта жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин адвокатынын өтүнүчү менен анын ал-абалын сурап келишкенин маалымат булактарына билдиришти. Алардын билдирүүсүнө караганда Ж. Сатыбалдиев оорудан улам түнкүсүн уктай албай чыгып жатыптыр. Албетте, оорудан Кудай сактасын! Бирок, эмнеге абакка жатып калганда эле «ооруп» калышат?

Андан көрө мыйзамдын негизинде өзүнүн таза экенин далилдегенге аракет кылбайбы? Же Жантөрө Сатабылдиев түнкүсүн уктай албай жатыптыр деп ага жомок айтып бериш керекпи? Чын эле эй! Жомок айтыш керек окшойт. «Илгери-илгери өткөн заманда бир үлкөн чиновник болуптур. Ал падышалар алмашса деле, майлуу кызматтардан куру калчу эмес экен. Жол курууну башкарттырып койсо, анда сантиметрлеп «жеп», көп кабаттуу үйлөрдү курдуртса, анын кирпичтеринен «жонуп» «жеп» өл-лө байыган экен. Ошентип жүрүп сырттан келген кредитке оңдолгон от жагуучу казандан да оңбогондой акча жеп коюп, зынданга салынат экен. Ошондо ага бир досу: «Сен мурдагыдай эле «мистер 10%» боюнча жүрө берсең болмок да» деп айтыптыр», — деген сыяктуу жомокторду айтып берип, жүрөгүн бир аз чыңдап туруш керек го кыязы. Балким, ошондо ошол жомоктордон кандайдыр бир таалим-тарбия, сабак алып калаттыр.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу