Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин иши иликтенип бүттү

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен депутат Осмонбек Артыкбаевге “коррупция” беренеси боюнча айып тагылды. Алар Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштерге шектелип кармалган.

Жактоочуларынын маалыматы боюнча, Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин иши иликтенип бүттү, учурда иштин материалдары менен таанышуу жүрүүдө. Материалдар сотко 25-январга чейин берилиши керек.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулган. Ага бир канча жолу операция кылышкан. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБиндеги иш боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурунку төрагасы Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев жана башка энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери айыпталууда.

2018-жылы январь айында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар тургундары бир аптадай жылуулуксуз калган.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу