«Сари кийип турмушка чыгуу жана Махатма ганди айткандай баланы тарбиялоо». Индиялык жаранга турмушка чыккан кыргызстандык Шахиданын окуясы

Шахида 32 жашта. Ал Жолдошу  Натарадж Саппани экөө бир баланы тарбиялап Дубайда жашап келишет. Кыргызстанда төрөлүп -өскөн Шахида бизге өз окуясын айтып берди.

«Мага эч качан, эч нерсе жеңил келген эмес. Кыйынчылыктын артынан өтүп жүрүп гана бир нерсеге жетиштим»,- деген Шахида бизге позитивдүү тарбия берүү жана турмуш куруу тууралуу кызыктуу ойлору менен бөлуштү.

Мен Кыргызстандагы Комсомольское айылында төрөлүп өскөм. Мектеп босогосун ушул айылдан аттап, анан бүтүрдүм. Жашоомдо агымга каршы сүзүп жүрүп көнүп калсам керек. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, туугандар  жалгыз бой балдарын тарбиялап жаткан апама “ 3 балаңды эле окут, кызың баары бир күйөөгө тийип кетет”,-деп айтчу экен.  Апам: “Шахида билим алышы керек. Кандай учур болбосун өзүнө-өзү жооп берип, бутуна бекем тургандай болсун”,-деп жооп берчү.

Ошентип Кыргыз-Орус сляван университетин аяктап, андан соң БААУга магистратурага тапшыргам.

Турмушка 28 жашымда кеч аттандым, жолдошум өзүмдөн 18 жашка улуу, индиянын жараны. Биздин коомдо 25тен жашы өткөн кыз “кара далы” болсо мени “болду, бул тийбей калды” деп ойлошсо керек. Себеби кыргыздын менталитетине жараша кызды эрте эле үй-бүлөнүн анан казан-аяктын жанында гана элестетүү мүмкүн. Мен буга каршы эмесмин.  Бирок  шашып-бушуп “эптеп-септеп  турмуш куруунун кереги жок.  Албетте 18 жашыңда башың айланып сүйүп калсаң турмушка чык, бирок билим алууну унутпа. Мен өзүмдү төшкө каккылап: “алгач карьера курам, анан миллион топтоп алып гана күйөө издейм” деген кыздардан эмес элем. Болгону күчтүү, мен өмүр бою жашай турган адамды издедим. Турмуш бул дүкөндөн көйнөк алып, жакпай калса аны кайра өткөрүп салуу эмес. Буга жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек.

Жолдошум менен Алматыда командировкада жүргөндө таанышкам. Доклад менен чыккан соң, ал мага келип жумуш сунуштап калды. Натарадж канадалык компаниянын вице-президенти эле. Алар Орто Азияга кеңейип жаткандыктан орусча сүйлөгөн жумушчу керектигин айткан. Биз бир жыл чогуу иштеп, контракт аяктаган соң дароо  үйлөндүк. Той эки элдин салтын өзүнө камтыды. Биринчи күнү кыз уузатуу болуп, алгач улуттук көйнөк анан, сари кийдим. Экинчи күнү заманбап тойду өткөрдүк.

Биз азыр Дубайда жашап, уулубуз Рафаэлди тарбиялап келебиз. Негизинен үйдө мен позитивдүү тарбияны колдоном. Анын өзөгүн боорукерлик жана бала менен барлашуу түзөт. Күйөөм Махатма Гандинин жолун жолдоочу болгондуктан башынан эле : “Шахида, баланы урушуп жатканың сага жардам береби?”,-деп сурап калды, Ошондо гана Рафаэлди урушсаң, ал артты карап укпагандай түр көрсөтүп койуп жатканын түшүндүм. Мактасаң кадимкидей айтканыңды кылып калат. “Сендей бала жок да. Кана кел, оючуктарды жыйнайбыз”,- десем чуркап, чогултуп калганда тан каласың.  Албетте  бизде миң жолу айткандан көрө бир жолу шапалак менен соксоң жетиштүү го,бирок менин уулум коркконунан гана менин тилимди алышын каалабайм. Бул жол менен тарбия  берүү оор болгону менен акырындап өз жемиштерин берип жатат.  Күнүнө 200 жолу “чоң кишилер сүйлөп жатканда сөзгө аралашпай акырын келип уруксаат сура” дегенди айта берип тажайсың, бирок 3 жаштагы бала акырын келип, “сизден бир нерсе сурасам болобу” деп сылык  айтканын көрүп ичиң жылыйт.
Бир жолу уулум куурчактар менен  ойногонун жакшы көрөт экенин фейсбукка пост кылып жазсам көпчүлүгү түшүнгөн жок. Европалыктар басымдуулук кылган  Дубайда дагы негативдүү сөз айткандар болду. Балама: “Эркексиңби? Куурчактар менен ойнобо” дегендерин кулагым чалып калды. Бирок менин оюмча бул коркунучтуу деле эмес. Болгону  баланын жашоосундагы дагы бир этап, тандоо.  Машинелер менен ойногон кыздар чоңойуп алып, солдат же спецназга барам дебейт да. Рафаель анан дагы чачтар менен ойногон абдан жакшы көрөт, кээде уулум чоңойсо  “гей стилист”  болот деп тамашалап калам. Бул деле жаман эмес.

Динге же тилге карган көз карашым дагы жөпжөнөкөй

Дубайда чоңойгон уулумдун тили алгач англисче чыкты. Мен аны менен орусча сүйлөшөм. Анан дагы биз жыл сайын Кыргызстанга келип турабыз. Бул убакта ал айла жок орусча  үйрөнүшү керек экенин түшүнөт. Алгач а мама «I don’t speak по-русски”, десе азыр оюн кичинеден которуп, сүйлөп калды. Биз үйдө баарбыз мусулман болгонубуз менен айт дагы, Иса пайгамбардын туулган күнүн дагы, индуисттердин майрамы «Дивалии дагы майрамдайбыз. Кийин уулум буддист же индуист болом десе эч ким каршы болбойт. Биз ата-эне катары уулубузду дайыма колдогонго даярбыз.

Акырында айтат элем, кыздар бир жээктен экинчи жээке урунуп, «же карьераны тандайм же күйөөгө тийип казан-аяктын жанына барам «дегендин кереги жок.  Жашоодо баланс болушу керек. Кесип тандап, адыккан адис болуууга аракет кылыш керек.

Мен позитивдүү тарбия жана үй-бүлө жөнүндө көп ойлонгонумдун себеби биздин эркектер – аял бул гүл, эң бир назик жана сулуу экенин түшүнсө дейм. Ага «бер, жыйна , тазала» эмес, аяр мамиле кылыш керек. Аялдары менен урушуп кеткен досторумду угуп жатып, уруш аялы идиш аяк жуубаганы  үчүн башталганын угуп таң калам.  Бул абдан өкүнүчтүү. Бири-бириңерди сыйлоонун үйрөнүш керек.

Тандоону дагы акыл калчап кылуу керек. Эгер өз адамынарды тапсаңар 17 жашыңарда турмушка чыккыла. Бирок коом “качан күйөөгө” деп бурчка такай баштады деген ой менен бирөөнү таап алып, баш кошкон туура эмес. Себеби бул суроолор эч качан түгөнбөйт. “Качан күйөөгө?”, “качан төрөйсүң?”, “качан экинчисин?” деген суроолор түгөнбөйт. Ошондуктан эч кимди укпаш керек. Эгер сиздин тандооңуз бирөөгө зыян келтирбесе анда калаганыңарды кылгыла демекчимин.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу