Сариев: Сулаймановдун өзүн текшериш керек

Экс-премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдар Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун бизнесин текшерип чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн депутаттын парламентте жасаган билдирүүсүн комментарийлеп жатып айтты:

— Башкы прокуратура менен Финполиция Алтынбек Сулаймановдун өзүн текшериши керек. “Ала-Тоо” мейманканасынын ордунда салынып жаткан көп кабат үй кандай болуп түшүп калды? Ал жерде тарыхый маанидеги объект бузулуп жатат. Түрк университетинин ичинде эмне үчүн үй салынып жатат? Үчүнчүсү – Лев Толстой жана Тынчтык проспектинин жанындагы үй. Ошолорду текшериш керек. Үч жолку депутат болуп отурат. Мыйзам чыгарбай эле, өзүнүн бизнесин калкалаганга колдонуп жатат.

Бүгүн Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин тарткан зыян эсептелип чыгышы керек экенин айтып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди айыптаган.

Сулайманов Сариев машиналарды бажыдан өткөрүү төлөмү боюнча 2014-жылы кол койгон токтомдун кесепетинен Кыргызстан миллиарддаган сомдон айрылып, 10 миңдей адам жумушсуз калганын айткан:

— Үч жылда жылына 15 миллиард сом бажыдан өткөрүү төлөмү түшмөк. Бажы биримдигине өтө шашып киргенибиз, аларга бүт макул болгонубуз Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, эртеңки президенттик шайлоону ойлоп иш болгон экен. Башкы прокуратура, Фиполиция, Эсеп палатасы канча чыгым келтирилгенин тез арада иликтеп, бизге жооп берүүңүздөрдү суранабыз.

ЕАЭБдин курамында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия бар. Алгач бул уюм Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары негизделген. Кыргызстан ага 2014-жылы кошулган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу