Сариев: бийлик үгүт эрежелерин бузуп жатат

“Ак шумкар” саясий партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев шайлоого байланыштуу билдирүү таратты. Сариев өз билдирүүсүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүп жатканы айтылат.

— «Күн сайын “Форумдун” имаратында Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов иш учурунда министр, губернатор, мэр жана башка жетекчи кызматкерлерди кабыл алат. Өкмөт башчы Жээнбеков да жолугушууларга катышып жатат. Кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин эртелеп баштоо мыйзамдарга каршы келет. Жээнбеков чукул арада кызматын тапшыруусу керек” деп айтылат Сариевдин билдирүүсүндө.

Сариев мындан тышкары тергөө абагында жаткан талапкерлерге да бирдей шарттарды түзүүнү БШКдан талап кыларын кошумчалаган.

Буга чейин мындай айыптоолорду Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов четке каккан. Ал административдик ресурс колдонулуп жатат деген сөздөрдү чагым катары баалаган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болсо БШК талапкер катары каттаган күнү премьер-министрликтен кетерин билдирген.(UEz)

Булак: azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу