САРИЕВ БЕКНАЗАРОВГО ЖООП БЕРДИ: “КОМПЕТЕНТТҮҮ ЮРИСТМИН” ДЕП, ЧЫМЫНДАН ПИЛ ЖАСАГАНДАР БУЛ ПРОЦЕДУРАЛАРДЫ БИЛҮҮСҮ АБЗЕЛ»

Азимбек Бекназаровдун «чай үстүндө» агынан жарылган «Темир Сариев биздин жерди Өзбекстанга берип салгысы бар” деген пикирине «Ак Шумкар» партиясынын лидери жооп берди.

Сариев, Азимбек Бекназаровдун ар кандай маселелер боюнча жеке ойлорун ортого салган видеотасмасын көрүп чыкканын, эч кимге эч кандай  жерди бербегендигин айтат.

“Азимбек Бекназаровдун ар кандай маселелер боюнча жеке ойлорун ортого салган видеотасмасын көрдүм. Унгар-Тоо жөнүндө да кеп кылып: “Темир Сариев биздин жерди Өзбекстанга берип салгысы бар” дептир. Мен эч качан, эч кимге биздин жерди берген эмесмин! Бекназаров айткан документтер өкмөттүк бир чогулуштун протоколу.

Ал документте кошумча телемунара куруу үчүн Каржы министрлигине тийиштүү органдарга кошумча каражат бөлүнсүн деген тапшырма берилген. Курулушту болсо “Кыргызтелеком” жүргүзөт болчу. Эмнеге мындай кадамга бардык эле?

Унгар-Тоо талаштуу жер тилкеси болгондуктан, тоодо жайгашкан телемунара жеткиликтүү деңгээлде сигнал бере албай жаткан, анткени мезгил-мезгил менен чек ара маселесине байланыштуу болгон кагылышуулар мунаранын ишине тоскоолдуктарды жараткан. Аймак үчүн маанилүү болгон телемунаранын толук кандуу иш алып баруусу үчүн кошумча экинчи телемунара куруу чечимин кабыл алганбыз.

“Кыргызтелеком” курулуш үчүн жер тилкесин сурап Кербен шаардык кеңешине кайрылган. Анан эле кээ бир саясатчылар ызы-чуу чыгарып жиберишти”-дейт Темир Сариев

Ошондой эле Сариев жумурткадан кыр издегендерге, жер тилкелерин алуу-берүү боюнча чечимди Парламент гана кабыл аларын билдирет. Ал эми өзүн “компетенттүү юристмин” деп, чымындан пил жасаган усталар бул процедураларды билүүсү абзел экенин кошумчалайт

“Жок жерден эле жумурткадан кыр издегендерге айтат элем, чечилбеген жана талаштуу жер тилкелерин алуу-берүү боюнча так көрсөтүлгөн процедуралар бар. Бул чечимди Парламент гана кабыл алат. Ал эми Өкмөт аткаруучу орган катары эч качан эч кимге жер бере албайт.

Бирок, өлкөдөгү маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ыкчам чараларды көрүшү керек. Ошондуктан кошумча экинчи телемунара куруу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Өзүн “компетенттүү юристмин” деп, чымындан пил жасаган усталар бул процедураларды билүүсү абзел”,-деди Сариев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу