Сариев: Атамбаев азыр Текебаевдин ордун ээлеш керек

«Экс-президент Алмаз Атамбаевдин III дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылса да барбай койгону – бул анын ички психологиялык проблемасы. Анын үстүнө Алмаз Шаршенович саясый пландан алганда азыр артында колдогон күчтөрү жок, сенек болуп катып бараткан фигура. Анын саясый салмагы азыркы учурда жокко эсе.  Ошондуктан менин оюмча азыр Атамбаев бийликке конструктивдүү оппозиция болуп, “Ата-Мекен” партиясынын ордун ээлеш керек, ошондо гана ал өзүн саясый айдыңда сактап кала алат. Азырынча ал – толук саясый банкрот болду”, – деп билдирди саясат таанучу Марс Сариев “Вечерний Бишкек” басылмасына.

“Ал эми Роза Отунбаеванын III көчмөндөр оюндарында президент Жээнбековдун жанында болушу жана жылуу баарлашуусу бул жакшы көрүнүш. Бул Кыргызстанды стабилдештирет. Бул азыркы бийликтин регионалдык бийлик эмес экенинен, бул багытта бөлүнбөгөнүнөн  кабар берет. Айрыкча азыр көптөр бул бийликти кландык бийлик катары көрсөтүүгө, бакиевчи кадрларды бийликке кайтарып келүүчү катары сүрөттөөгө аракет кылып жатышканда бул факт андай жоромолдорду четке кагат. Ушул көрсөткүч бул бийликтин бакиевдик жол менен кетпей турганын интеллигенцияга сигнал кылат.  Ошондуктан Жээнбеков менен Отунбаеванын мамилеси  – бул саясый климаттын оңоло баштаганынын, Кыргызстанга стабилдүүлүктүн келүүсүнүн көрсөткүчү. Роза Отунбаева коомдо интеллигенциянын жана бейөкмөт уюмдардын – калктын аң сезимдүү бөлүгүнүн, жарандык коомдун өкүлү катары кабыл алынат”, – дейт саясат таанучу Марс Сариев.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу