Сариевдин кубулма жүзү ачылды

Кырдаалга жараша кубулушуп, серепчи сөрөйлөр тажатты. Ким бийликте болсо ошого жараша кабак-кашын байкап, божомол-дөдөмөл пикирин айта салат.

Мына кезинде Атамбаевдин кылган ишин мактап, жактап пикир айтып жүргөн Марс Сариев бүгүн төөчөсүнчө тескери ушатып: «Атамбаев саясый пландан алганда азыр артында колдогон күчтөрү жок, сенек болуп катып бараткан фигура. Анын саясый салмагы азыркы учурда жокко эсе. Ал — толук саясый банкрот болду»,- деп шилекей чачыратты.

Бул божомол пикири менен ыңгайына жараша кубулган анык жүзүн ачты. Серепчи десе жагынуу позициясын карманып ойду-тоону айта бергенден уялбай калышты. Кудум «боёкчу, боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» дегендей…

Булак: «Ачык саясат плюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу