Сариевге соболдор көбөйдү

Темир Сариевдин маеги гезитибизге чыккандан кийин редакциябызга Сариевге суроо берет элек дегендер арбын болду. Алардын суроолорун гезит аркылуу Сариевге узатып коюуну эп көрдүк. Акыркы кезде “менден башка күчтүү оппозиция эч ким боло албайт бийликке” деп тымызын саясатчыларды бириктирип жүргөн Темир Сариевге дубай салам айткыбыз келип туру. Өзүңүз чоңойгон Сокулукта акыркы президенттик шайлоодо үчүнчү болуп келгениңиз жалганбы? Жарым миллион тургуну бар ордолуу Ош сизге 190 добуш гана бергенин сиз кантип түшүндүрө аласыз өзүңүзгө? Анан дагы жакында банкрот болуп жарыяланган, Россияда кылмыш иштер козголгон “Росинбанктын” кожоюндарын сиз экономика министри болуп турганда ишенимдүү мактаганыңызды унутуп калдыңызбы? “Русгидро” менен дагы жөн жерден келишимди жокко чыгарып, кыргыз элине 37 миллион доллар карызды да жүктөп койгон сиз эмес белеңиз? Ушул суроолорго Темир Аргенбаевич жообуңуз болсо узатып койсоңуз, суроо бергендер өз жообун алышсын.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу