Сапар Сопубеков, ырчы: “Мен Айчүрөк эжеден кеткенде, үйгө чейин келип, тополоң уюштурган”

Буга чейин ырчы айым Анжелика Бекболиева менен болгон маектешүүнү жарыялаганбыз. Анда Анжелика айым «Айчүрөк эженин колунда менден да көп жыл иштеп кеткен Сапар Сопубеков аттуу музыкант, ырчы бар. Ал мага азыр 3-4 күндөн бери чалып, мага болгон өзүнүн колдоосун айтты. «Айчүрөк эже тууралуу ушул убакытка чейин унчукпай келдим. Мени элге каралап, эркектик намысыма шек келтирип, гезиттерге жазган. Ата-энемдин көз алдында уят кылган. Мен анын бизди кандай жолго түрткөнүн элге ачык айтып берем» деп турган кези» деп билдирген эле. Айчүрөк Иманалиевага тоодой таарынычы бар экенин билдирген ырчы Сапар Сопубеков Gezit.kg сайтына маек курду.

Саламатсызбы, Сапар байке! Маекти ток этээр жеринен баштап, учурда катуу талкууга алынып жаткан Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын пикир келишпестиги тууралуу кеп козгосок… Анжелика менен болгон маегибизде сиздин да ысымыңыз аталды… Сиздин оюңуз боюнча кимиси туура эмес кылып жатат?

— Албетте, Айчүрөк эженин кылганы туура эмес. Өткөн-кеткен окуяны кайра козгоонун кереги жок эле. Анжелика канча ирет кечирим сурады. Бири-бирин кечиришип, иш бүткөн. Менимче, башка бирөө бул ишти кайра баштамак эмес. Акыл калчап көрсөк, аныкы туура эмес болуп жатпайбы?!. Мен Айчүрөк эжени жакшы билем. Эгерде ал бизди да сыйлай билсе, «Эжекелеп» жанында сый болуп, жүрөт элек да.
Элдин баарына жаман көрүнүп жатат. Баардыгына эл тараза.

Буга чейин Айчүрөк Иманалиева менен иштешкениңизди билебиз…

— Туура айтасыз, Айчүрөк эже менен 20 жылдан ашуун иштештим. Убагында топтогулардын баары кетип, Анжелика да турмушка чыкты. Соңунда мен жалгыз «Айчүрөк эже менен иштешейин, колдоюн эжекемди» деп дагы да болсо чогуу иштешип калдым.

Анан эмнеден улам ыркыңыздар келишпей калды? Эркектик намысыңызга шек келтирип, ата-энеңизге уят кылганы чынбы?

— Ооба, андай окуялардын болгону чындык. Ошол кезде кайсы бир себептерден улам ортобуздан чыр чыгып кетип, аягында мен да Айчүрөк Иманалиевадан кеттим. Анда да үйгө чейин келип, ызы-чуу кылып, тополоң уюштуруп кеткен. Ал окуя туурасында айта турган болсом, абдан узак окуя. Ошондуктан, сөздүн кыскасы ага абдан нааразы болуп, таарынышып кеткенбиз. Бул окуя туурасында айтсам, Айчүрөк Иманалиева качанкыга чейин чырдап жүрө берет. Менимче жетиштүү го дейм.

Азыркы кезге чейин таарынышып келсеңиздер, бири-бириңиздерден кечирим сурашып, элдешүү ниетиңизде барбы?

— Туура, учурда ал экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле жок. Азыр өз иштерим менен алекмин. Аны менен катышканга таптакыр убактым жок.

Булак :gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу