Сапар Исаков 2 айга камакка алынды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бүгүн, 5-июнда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алды.

Эске салсак, ага 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, бүгүн саат 16:00гө Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылгандыгы маалымдалган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген.  «Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт», — деп ал журналисттерге билдирген. 14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып «саясий куугунтук болуп жатат» деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу