Сапар Исаков Эдуард Кубатов аркылуу пара катары ири суммадагы акча каражатын алган.

Коомчулукка аты анча белгилүү болбосо да, тар чөйрөдө «өтө шылуун» деп таанылган Эдуард Кубатов аттуу кыргыз бар. Аты немисче болгону менен өзү кыргыз. Жогорку билимдүү. КГБнын запастагы подполковниги. “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү, “Кыргыз-Орус Экономикалык Кеңеши” Ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, «Robust Resources Limitedдин» Кыргызстандагы филиалынын директору, Кыргыз Республикасынын Индонезия Республикасындагы ардактуу консулу.

Э.Кубатов мурдагы премьер-министр С.Исаков менен жакын мамиледе экенин тар чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Ал “Центерра Голддун” директорлор кеңешине мүчөлүккө да С.Исаковдун көмөгү менен тандалып алынган.

Айрым маалыматтарга караганда 2017-жылы ал С.Исаков менен биргеликте “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу боюнча атайылап кырдаал түзүүгө тартылган. Анын жыйынтыгында КР өкмөтү чет элдик компанияны кирешелерди жашырып жатат жана анын ишмердүүлүгүнөн табылган кирешени туура эмес бөлүштүрүүдө деп айыптаган.

Ошентип кылмыш жана административдик аракеттерди колдонуу жолу аркылуу чет элдик компания менен макулдашууга жетишишкен. Ал жең ичинен макулдашууда С.Исаков Э.Кубатов аркылуу пара катары ири суммадагы акча каражатын алган. Ал пара үчүн С.Исаков компаниянын “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө уруксат бере тургандай кылып КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көмөк көрсөткөн.

Ошол эле убакта коркутуп акча талап кылуу фактысын жашыруу жана коомчулукта позитивдүү пикир жаратуу максатында С.Исаковдун контролу менен маалыматтык кампания уюштурулган. Анда “Центерра Голд” менен макулдашуу мамлекеттин кызыкчылыгында болду, мамлекеттик долбоорлорду жана айрым социалдык көйгөйлөрдү реализациялоо, анын ичинде айлана-чөйрөнү жакшыртуу сыяктуу иштер бар деген сыяктуу.

Мындан сырткары С.Исаковго жана Э.Кубатовго тиешелүү, алардын көзөмөлүндөгү бир топ подряддык компаниялар “Кумтөр” кенинде өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө.

«УЧУР» ФБ баракчасы

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу