Сапар Исаков тергөө аягына чыкканга чейин камакта болот

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аягына чыкканга чейин КР УКМКнын тергөө камак жайында калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-майында «Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу» коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

5-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

 

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу