Сапар Исаков ТВЕАны «лоббировать» эткен экен. УКМК баардык каржылык документтерди алып алып, эч кимге бербей жатат!

Депутаттар Бишкек ТЭЦине келген кытай кредитине байланыштуу алдамчылыкты акыр аягына чейин ача алышат болду бекен? Кытай кредитине байланышкан коррупциянын масштабы депутаттарды тим эле «шок» кылды. Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, кытайлар башка компанияны сунуштаганына, ТВЕАнын ТЭЦ курууда тажрыйбасы жок экендигине карабастан, Сапар Исаков президенттин аппаратында иштеп турганда дал ушул ТВЕАны лоббировать эткен экен. Натыйжада, кытайлар Кыргызстанга 386 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит беришкен. Ошондо Бишкек ТЭЦин модернизациялоо кыргыз элине 490 миллион долларга туруп атат. Бирок, депутаттардын айтымында, эң кызыгы башкада. Көрсө, «Электрстанциялары» ААКы кытайлар менен 150 млн. долларга гана келишим түзүшкөн. Суроо туулат: калган 236 млн. доллар каякта? Бул суроого азырынча эч ким жооп бере элек. УКМК баардык каржылык документтерди алып-алып, эч кимге бербей жатат. Андан аркысы андан да кызык. Депутаттар 150 млн. доллардан чындап эле модернизациялоого сарпталган 70 млн. доллардын гана документтерин табышты, ал эми калган 80 млн. доллар каякта? Муну эч ким билбейт, баары эле баштары менен жогору жакты жаңсашат. Кыскасы, депутаттык комиссия марттын аягында иликтөөнүн натыйжалары тууралуу отчёт берүүгө тийиш. Көрөбүз го, мунун аягы эмне менен бүтөөр экен…

Булак: АЗИЯньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу