Сапар Исаков Президенттикке аттанбайт, Премьер-министр болот имиш…

Бизге жеткен маалыматка таянсак, Президенттин аппарат жетекчиси, келечекте президенттин мураскери катары аталып жаткан Сапар Исаковдун президенттикке талапкерлигин койбоору каңкууланыптыр. Жакынкы күндөрү өлкөдө саясий процесстер 180 градуска бурулуп, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, анын ордуна Сапар Исаков Премьер-министр болоорун эшиттик. Бул маалыматтын чындыгы бар, анткени Сооронбай Жээнбеков парламентте отчётун берди. Анын үстүнө өкмөт май айынын аягына чейин отставкага кетпесе, кийин кетүүгө мүмкүн болбойт экен. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке талапкер катары катышаары чечилиптир. Демек жакынкы күндөрү Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, ордуна Сапар Исаков келсе таң калбай эле койгула. Ошентип баарына табышмак болгон, КСДПнын президенттикке талапкери аныкталып калды.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу