САПАР ИСАКОВ ПРЕЗИДЕНТТИКЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫКПАЙ КАЛДЫ?

Спикер Чыныбай Турсунбековдун, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун, КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловдун башын аттап, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков бийликтин бирдиктүү талапкери катары шайлоого аттанышы логикага сыйбай турду эле. Исаков адис катары такшалганы менен саясатчы катары тажрыйбасы аздыгы, артынан коррупцияга шектүү катары маалыматтар чыкканы, убагында Максим Бакиев менен иштешип, өтө ысык мамиледе болгону, айтор, ушул сыяктуу түрдүү пикирлер таңууланып атып, анын шайлоого аттанышына бут тосулганын каңкуулашты. Жыйынтыгында, ал президенттик шайлоого талапкер катары чыгуу сыноосунан өтпөй калыптыр. Бирок, азыркы жумушу убактылуу болсо да таасири катуу эмеспи. «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин» демекчи, бала баатыр бүгүн ажонун саясатын тескеп турса, эртең кимиси бийликке келбесин, алардын деле тилин оңой тапса керек. Буга чейин Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев президент болуп турганда жол таап, анан эртең карайлап калмак беле? Дагы эле болсо би-ир жерден жашыл жарык күйөт да…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу