Сапар Исаков мурда эле курулган объектилерге 500 миллион сом бөлгөнбү?

Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматка дайындалып атканда “Бул жаш кадр, билимдүү, жаңыча ойлонот” деген мактоолор орун алган. Бирок, эмнегедир анын жаңыча ойлонгонун элибиз көрө албай жатат. Андан калса, ал жетектеген өкмөт кыска убакыт аралыгында эле эки жолу эл аралык деңгээлде түзүлгөн келишимди жокко чыгарышканы да Сапар Жумакадыровичтин өкмөтүнөн үмүт артуу отун өчүрдү. Кыштын кычыраган күндөрүндө Бишкек ТЭЦиндеги болуп өткөн кырсыктан улам шаар тургундарынын тарткан азабы да жаш өкмөткө болгон ишенимди бир топ сууткан.

Эми болсо, Исаков өзү кол койгон токтомдорунда одоно катачылыктар кетип атканы ашкереленди. Маселен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» №5 токтому жарыяланган.

Ал токтомдун негизинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттердин да 2018-2020-жылдарга карата планы бекитилген. Албетте, жакшы жөрөлгө экенин эч ким танбайт, бирок ошол планга буга чейин эле аткарылып калган, айрымдарын мурдагы өкмөт башчысы лентасын кескен, айрымдарын Сапар Исаков өзү кескен объектилердин да кирип калганы кызык болуп атпайбы. Мындай жүзөгө ашып калган 30 чамалуу объекти С. Исаковдун жогоруда көрсөтүлгөн токтомунун планына кирип кеткен. Ал 30 объекти болжол менен 500 миллион сомго аткарылган экен.

Эми ошол бүткөрүлгөн объектилерди кайра алдыда аткарылуучу планга киргизип жибергендерин кандай түшүнсө болот? Же С. Исаков өзү кандай документке кол коюп атканына көңүл бурбайбы? Же бүткөрүлүп калган объектилерге кайрадан акча бөлдүрүү менен жеке кызыкчылыктарын көздөп жатышабы?

“Биз “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга акча таба албай атабыз” деп келет өкмөт. Анан кайра тигинтип бүткөрүлүп калган объектилерге акча бөлдүрүү үчүн токтом чыгарат. Муну өкмөттүн шалаакылыгы деп түшүнө берсек болобу?

Жаш кадр, билимдүү кадр, жаңыча ойлоно алган кадр да ушундай одоно катачылыктарга жол береби? Анын жалаң жаштардан турган, болгондо да чет мамлекеттердеги абройлуу ЖОЖдордон билим алган кеңешчилери кайда карап отурат?

Баса, биз бул маселени иликтөөгө алдык. Жакында ар бир объектини ийне-жибине чейин иликтеп беребиз…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу