Сапар Исаков мамалак ойногон балалыктан алыстай элекпи?

 

Балалык деген адам баласынын өмүрүнүн эң таттуу доору болот турбайбы. Балдай таттуу бул доордо биз оюнчуктар менен кадимкидей сүйлөшүп ойночу эмес белек. Машине оюнчук ойносок, «ың-ың-ң» деп от алдырып алып, анан андан ары «а-аа-аң» деген боюнча айдап кетчүбүз. Ал эми мамалак оюнчукту бирде жетелеп, бирде төпөштөп ойночубуз.

Ошентип ал курган балалыктын аркада калганына узак убакыт өттү. Бирок, балалыктын доору бүткөнү менен айрым чоң эле адамдар балалык кыялынан алыстай албай жашай берээри белгилүү да. Ошолордун катарында учурдагы премьер-министр Сапар Исаков да бар окшойт деп калдык.

Мындай дегенибиздин себеби, 10-апрелде С. Исаков Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктын себептерин иликтеген өкмөттүн иши боюнча өз кабинетинде жыйын өткөрдү. Ошол жыйындын өтүшү тартылып алынган видеоматериалды жакшылап караган адам С. Исаковдун артындагы фондо ак түстөгү мамалактын текчеде турганын көрө алат. Эгерде ал жерде кандайдыр бир статуетка же сувенир турган болсо да түшүнөт элек. Ал эми алты жашка чейин ойной турган мамалактын турганы кызык болуп калды.

Мындан улам Сапар мырза планшет гана ойнобостон, мамалак ойногонду да унута элекпи деп сурагандар көбөйдү. Заманбап «мальчик» деген ушул эмеспи?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу