Сапар Исаков Кытайдын соода өкүлүн “тышкы саясат” деген шылтоо менен 18 жолу неге кабыл алган?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кланы акыркы 6 жылда Кыргызстанды болушунча тоноп, ал эмес сырттан келген карыздардын да тең жарымын сугунуп алганы күн өткөн сайын далилденүүдө. Жаш болсо да АШАга жол көрсөтүп, уурулуктун мыкты жолдорун сунуш кылган анын “оң колу” Сапар Исаков экени да тастыкталууда.

Сапар мындай амалкөйлүктү кайдан жүрүп үйрөндү деп айрымдар баш катырып турганда, ал канкор Бакиевдин уулу Максим Бакиев чийген жол менен кеткени да ачыкка чыкты. Бишкек ТЭЦин оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр Максимдин учурунда башталып, аны менен чогуу жүргөн Сапар Исаков ошол келишимди наркын көтөрүү менен ишке ашырганы калкып чыкты. Бул Жогорку Кеңештин 16-майында өткөн жыйынында да айтылды.

Дал ошол жыйында парламент депутаты Каныбек Иманалиев дагы бир кызык жагдайды ачыкка чыгарды. Каныбек мырза, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн айтып, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент токтомуна Исаковдун жоопкерчилигин кароо маселесин киргизүүнү сунуш кылды. “Кандай чечим кабыл алышыбыз керек?

Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдер боюнча өкмөт гана демилге көтөрөт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок”, — дейт Иманалиев.

Сапар Исаков болсо адатынча актанып мындай аракетин тышкы саясатка байланыштырды. Эгер ал чындап эле тышкы саясаттын бекем болушун каалаганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алгандын ордуна 1 млн. чамалуу мигранттарыбыз күн кечирип жаткан Россиянын өкүлдөрүн 50 жолу, АШАнын орунсуз сөздөрү үчүн чек араны жаап салган Казакстандын өкүлдөрүн 100 жолу кабыл алмак. Сапар мырза минтип актанып кете албайт. Анын соода өкүлү менен жолукканы түздөн-түз коммерциялык кызыкчылык менен байланыштуу.

Андыктан тиешелүү органдар депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтпөй эле Сапар Исаковду токтоосуз камакка алып, анын үстүнөн тергөө иштерин башташы керек. Анткени, кылмыш иши үчүн мынчалык далил чанда кездешет.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу