Сапар Исаков Кубанычбек Кулматов менен Артём Новиковго сөгүш жарыялады

«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артём Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду. Алардын бири Санжар Үмөталиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, өкмөттүн аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Булак: super.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу