Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышы боюнча көз карашыңыз?..

Эркингүл Иманкожоева, мурдагы депутат

Алмазбек Атамбаевдин элге жасаган билдирүүсү ашык-ча жана эрте болуп калды. Анткени азыр тергөө болуп жатат. Укук коргоо органдары С.Исаков, О.Артыкбаев, К.Кулматовго карата иш козгоп, тергөө убактысына карата 2 айга камакка алды. Эгерде чынында күнөөлүү болушса жоопко тартылышы керек. Бул саясий куугунтук эмес. Мыйзамдын алдында бардык жарандар бирдей. Анын статусуна, байлыгына карабайт. Бул жөнүндө экс-президент да какшап келген. “Ким болбосун, тууганым болобу, до-сумбу, өзүм боломбу жооп берет” – деген сөзү бар эмеспи. ТЭЦ, “Камбар-Ата”, “Кумтөр” келишими, тарых музейи ж.б. боюнча коррупциялык иштер боюнча кыргыз эли маалыматка ээ болду жана ушул иштер боюнча экс-президентке карата да жек көрүү сезими пайда болгонун кантип жашырабыз. Эл “эгерде чиновникгер жеп-ичпегенде Кыргызстан гүлдөмөк турбайбызбы” деп жатышат. Чынында ошондой.

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер

– Бул коррупция менен күрөшүү! Саясий куугунтук деп оппозициялык көз карашта жүргөн саясатчыларды саясий буйрук менен камаса, айтса туура болот эле. Булар болсо бийликтен кеткен чиновниктер коррупцияга шектүү деп кармалып жатат.

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты

– Менин оюмча бул жерде саясий куугунтук жок. Укук коргоо органдары бир нерсеге таянып, анан иш козгоп жатса керек. Мен укук коргоо органдары жана сот гана чечим чыгара алат деп ойлойм. Ага чейин бирөөнү күнөөлү деп айтканга болбойт.

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер

– Коррупционерлердин камалышы жакшы көрүнүш. Бирок муну менен кошо Грузиядагыдай реформалар болбосо, анда бул саясий куугунтук болуп калат…

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер

– Мен бул жерде эч кандай саясий күрөш, саясий куугунтукту көргөн жокмун. Кылмыш кылган адам сөзсүз түрмөгө камалышы керек. Бул аксиома сыяктуу нерсе, муну эч ким тана албайт. Анан кийин Сооронбай Жээнбеков “Мен коррупция менен күрөшөм, тууганыма да, досума да карабай камап берем” – деп убада берген. Азыр ошол сөзүн аткарып жатат, муну кубаттадык. Эгерде ушундай күрөштү улантып, өлкөбүздүууру-кескилерден тазалап бере турган болсо, бул да колдоого алаарлык көрүнүш болот. Эгерде жок, ан-дай кыла албайт экенмин деп, кайра Атамбаев менен тил табышып кетсе, анда биз каршы чыгабыз.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты

– Соттун чечимин күтөлү. Эгер саясий куугунтук болсо сот тарабынан акталат. Эгер элдин үстүнөн байып, коррупциялык иштерге аралашса жооп бериш керек. Ал эми Алмазбек Атамбаев соттун чечимин күтө турса болмок. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Эрте кайрылуу жасап жиберди.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу