Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-майга кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу бизге ишенимдүү булактар билдирди.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков 26-апрелде УКМКга ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ЖЭБ тууралуу Сапар Исаков баштаган бир нече адамдар камакка алынат.
Булак: NazarNews.kg