Сапар Исаков видеокомпромат тууралуу: «Мунун артында «баарын акча чечет» деп ойлонгон президенттикке талапкерлердин бири турарын аңдап жатабыз» (маек)

Премьер-министрге талапкер катары аты аталып жаткан Сапар Исаковго карата каралоо кампаниясы жүрө баштады. Буга байланыштуу «Новые лица» гезитине берген маеги орусчадан которулуп берилди.

«Кыйраган тышкы саясат» жөнүндө

— Сапар Жумакадырович, бул видеодон кандай таасир алдыңыз?

— Бир гана таасир алдым: өкмөткө жаш кадрлардын келүүсүн каалабаган, аларды өкмөткө келтирбөөгө кызыкдар адамдар бар экени анык болду. Мен эмне кылышты билген жана кырдаалды түшүнгөн реформаторлордон куралган күчтүү команда менен өкмөткө келүүнү пландап жатам. Бирок кимдир бирөөгө мындай ниетим жакпай жатат. Ыплас ушактардын артында «акча баарын чечет» деп ойлогон жана мындай шермендиликти кылуудан жийиркенбеген президенттикке талапкерлердин бири турарын аңдап жатабыз.

— Өз атыман кошумчалап кетсем: видеону көргөндөн кийин адегенде нес болуп, кыжыр кайнайт экен. Экинчи жолу тыкыр көңүл буруп көргөнүмдө, айтылган айыптарга бир да далил келтирилбегенин байкадым. Бардыгы «деп жатышат», «ушактарга ылайык»деген сөздөрдөн куралып, бир да документ, бир да фото, же видеофакт жок. Тасма саясаттан алыс адамдарга, алардын сезимдерине жеткириш үчүн даярдалгандай. Ошондуктан, ар бир пункт боюнча иликтесек. Биринчиден, сизди «акыркы жылдардагы кыйраган тышкы саясат» үчүн күнөөлөп жатышат. Видеодо Казакстан, Түркия, Кытай, АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрү менен мамилелер эң начар экени айтылат. Ал эми Орусия сыяктуу стратегиялык өнөктөш менен «мамиле курч» экен. «Кыргызстанга ишенишпейт, жетекчилигин сыйлашпайт» деп тасмада айтылат. Бул тууралуу эмне дейсиз?

— Мен тышкы саясаттагы бүгүнкү жетишкендиктер менен сыймыктанарымды айткым келет. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонду акыры үйрөндүк. Бул биздин өлкөнүн чоң жеңиштеринин бири. Өзүңдү сыйлаганды үйрөнбөсөң, эч ким сени сыйлабайт деген темирдей эреже бар. Кыргызстан өзүн сыйлаганды үйрөндү.

Акыркы 6 жыл ичинде биз туура жана ырааттуу тышкы саясатты кура алдык деп эсептейм. Биринчиден, тышкы өнөктөштөр өлкөбүз жасаган кадамдарды жана чечимдерди урматтайт. Ошого ылайык, биз тышкы саясатыбызда ачыктыкты жарыяладык.

Тышкы саясатты жүргүзүүдө биз тышкы саясий өнөктөштөргө зыян келтирбейбиз, бирок тышкы саясий кызыкчылыктарыбыздын ар бир карышын коргойбуз дегенбиз. Бул абдан маанилүү. Мамлекеттик кызматкерлерибиз, тышкы саясий мекемелерибизде иштегендер улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого көнүп, буга тиешелүү багыт жана практика алып башташты. Өлкөбүздүн эмки милдети — кызыкчылыктарыбызды алга сүрөөгө үйрөнүү. Муну биз өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына жана парламентте сунуштала турган өкмөттүн программасына киргизип жатабыз. Аны менен мен тааныштырам.

— Буга байланыштуу биздин Тышкы иштер министрликтин АКШнын Мамлекеттик департаментине билдирүүсү эске келет. АКШ адам өлтүрүүгө катышканы үчүн кыргыз соту тарабынан соттолгон Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгарган болчу. Биздин кызыкчылыгыбызды коргоого ачык талап коюу кыргыз дипломатиясынын жаңы иш жүргүзүүсүнүн визиттик карточкасы болуп калды.

— АКШнын Мамдепартаментине биздин жообубуз түшүнүктүү эле болгон. Аскаров боюнча соттук процессти эл аралык коомчулук да, биздин жарандар да көрүп жатты. Ошол үчүн жообубуз ар тараптуу ойлонулган жана так болгон.

— Бирок Акаевдин же Бакиевдин тушунда кыргыз ТИМи мындай билдирүү жасоого батына алмак эмес да…

— Муну «өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо» деп коёт. Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын кызыкчылыктарын коргоо. Мен дагы бир жолу кайталап коёюн: Кыргызстан өзүн сыйлаганды үйрөндү. Биз колубуздагы бул байлыгыбызды сакташыбыз керек.

— Сынчылардын өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүгө бардык жоопкерчиликти сизге артканы туурабы?

— Менин оюмча, мен өлкөбүздүн тышкы саясатынын абалы үчүн чоң жоопкерчиликтемин. Анткени тышкы саясатты аныктоо жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди иштеп чыгууга катышкам жана катышып келем. Кабыл алган чечимдерибиз менен, учурда кандай абалда турганыбыз менен сыймыктанам.

Бүгүнкү күндө тышкы саясатта биз эмне жасасак, дароо реакция бербейт. Жыйынтык кыска, орто жана узак мөөнөттө келет. Ошондуктан биздин кылган иштерибиз өлкөгө пайда гана алып келет деп ойлойм.

— Демек, сиз 6 жыл ичинде кабыл алган бир да чечим үчүн уялбайсыз? Кайсы бир чечим боюнча өкүнбөйсүзбү?

— Мен бир да чечим үчүн уялбайм. Бул чечимдерди кантип кабыл алганыбыз менен сыймыктанам. Мен бирин да өзгөртпөйт элем.

«129 миллион доллар» жана «Русгидронун» «таарынычы» жөнүндө

— Түшүнүктүү. Видеого кайрылып, «айыптоолордун» кийинки бөлүгүн карап көрөлү. Анонимдүү автор Кыргызстан ЕАЭСке кошулуу алдында лаборатория куруу үчүн Орусия 200 миллион доллар бөлгөнүн, бирок алар төмөндөгү себептин айынан курулбаганын айтып жатат. Видеодон цитатаны келтирсем: «Исаков 129 миллион долларды «Крокус-интернешнлды» жетектеген кайсы бир азербайжандык ишкер Агаларовго которгон». Видеодо фактылар, далилдер айтылбайт, бирок ал жакта ушунун баарына Бельяниновдун ысымын да кошуп коюшкан. Мындай сандырак кептерге кандай комментарий бересиз?

— Бул чындыгында, комментарий берүүгө оор куру сөз. Бул роликти даярдаган адамдарга, буюртма берген кишиге да абийир бербейт. Айыптоолор боюнча айтарым, ушул сыяктуу ролик даярдардан мурун сөз болгон акча каражатын бөлүү жолдорун иликтеп чыгыш керек эле.

Орусия бийлиги ири суммадагы акча каражатын бөлүп жаткандыктан алар койгон так процедуралар бар. Ага кыргыз тараптын эч кандай тиешеси жок. Кыргыз мамлекетине кандайдыр бир кызмат көрсөтө турган кайсы бир компанияны Орусия тарап өзү тандайт. Биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын гана көзөмөлдөп турабыз. Ал эми тандоо жана ишке ашыруу — бул биздин баш оору эмес, бул Орусия тараптын иши.

Болбогон сөздөн ушундай видео жасап, аны таратуу үчүн кычыктуу ой-жүгүртүүгө жана так бир максатка ээ болушу керек. Ал максат — кырдаалды баш аламан кылуу. Мен 129 миллион доллар деген сумма кайдан чыкканын, Агаларов деген ким экенин түшүнбөй турам. Мага булардын баары кайдан алынганы да кызык болуп жатат. Президенттик аппарат бул процесске аралашкан эмес, муну менен өкмөт иштеп жатат.

— А Бельяниновду өзүңүз тааныйсызбы?

— Албетте, Андрей Юрьевичти таанып эле чектелбей, чын дилимден сыйлайм. Мен аны өлкөбүздүн өнүгүшүн чын жүрөгүнөн каалаган адам катары билем. Ал кезинде өкмөттөр аралык комиссияда Орусия тараптан тең төрага болгон. Биздин мамлекет үчүн ал өтө көптү жасады, муну унутпашыбыз керек. Менимче өлкөбүздүн ушундай досу бар болгону жагынан жолдуу болдук.

— Бирок ага карата кылмыш иши козголгон да?!

— Кылмыш иши Орусиянын бажы кызматынын башка кызматкерлерине карата козголгон. Ал эми Андрей Бельянинов күбө катары өтүп жатат.

— Жогорку Нарын каскады боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин «Русгидро» менен келишимди бузуу чечимин колдогон деп сизди айыпташууда.

— «Русгидронун» бир нерсе курайын деген ниети жоктугу көрүнүп турду, буга алардын каражаты жок эле. Денонсация жасаганыбыз туура болду. Алар бираз каражат сарпташып, ошону менен токтоп калышкан. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, күтүп жаттык. «Русгидро» курулушту жүргүзбөй турганы белгилүү болгондо эки жактын макулдашуусу менен келишимди жокко чыгардык. Денонсация боюнча биз туура кылдык.

— Ачыгын айтканда, бул дүйнөдөгү ири өлкөнүн чоң мамлекеттик компаниясын жаакка чапкандай эле болду.

— Бул эч кандай жакка чабуу эмес, тараптардын бири келишимдеги милдеттерди аткарбагандагы эки өлкөнүн чарбалык мамилеси. Бул боюнча мамлекет башчылары сүйлөшүшкөн. Алмазбек Шаршенович баарын түшүндүргөндө Владимир Владимирович жүйөлөргө макулдугун билдирген. Менимче биз бул маселени саясатташтырбашыбыз керек. Бул «Русгидро» курулушту ишке ашыра албагандагы чарбалык гана мамиле.

Биз орусиялык компаниянын мүмкүнчүлүгү пайда болсун деп 10-15 жыл күтө албайт элек. Биз күтө албайбыз, экономиканы өнүктүрүшүбүз керек.

— Биз эгемендүүлүктү алгандан кийинки 20 жыл аралыгында өзүбүздүн укуктарды коргоп чыккан эмеспиз. Жөн эле оозубузду жаап, дайыма күтүп келгенибизге кошулсаңыз керек?

— Кыргыз мамлекети мындан ары сиз айткандай оозун жаап күтө албайт. Кыргыз мамлекети өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын такай коргойт.

— Кыргыз-Орус мамилелери боюнча сөздү жыйынтыктап жатып, ага кандай мүнөздөмө бере аласыз? Видеонун анонимдүү автору белгилегендей кандайдыр бир чыңалуу бар деп айтууга болобу?

— Акыркы 6-7 жыл аралыгында Орусия тарап менен жакшы мамиле түздүк. 2010-жылга чейинки убакта жоголгон мамилени кайра калыбына келтирдик. Биздин бүгүнкү мамилебиз жогорку деңгээлде турат деп эсептейм. Эки тарап тең бири-бирине 100 пайыз ишеним көрсөтөт, жарым сөздөн түшүнөт. Ар кандай саясий деңгээлде турган күн тартибиндеги бардык маселени тараптар токтоосуз чечкени мурда болгон эмес. Буга Атамбаевдин Орусия Федерациясына жакында болгон мамлекеттик иш сапары, Орусиянын 240 миллион доллар карызды кечкени далил боло алат.

Тышкы саясаттагы биздин приоритет — Орусия Федерациясы менен стратегиялык, союздук, ынак коңшулук алаканы куруу. Бул биздин маданий, соода-экономикалык, саясий деңгээлде өнүгүшүбүздү камсыздай турган маанилүү багыт. Тышкы саясат маселесин караган адам катары мен буга 100 пайыз ишенем.

«Чехиядагы кыймылсыз мүлктөр» жөнүндө

— Келиңиз анда, «Русгидронун» ордуна келген чех компаниясынын чуусу жөнүндө сүйлөшөбүз.

— LiglassTrading CZ компаниясы Чехиянын президенти Милош Земандын сунушу экенин билдирүүгө мени абал аргасыз кылууда. Алматы шаарында өткөн эки тараптуу жолугушуу учурунда Земан мырза бул компанияны биздин өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршеновичке бир нече жолу сунуштаганы боюнча бизде жазуу бар. Алмазбек Шаршенович мындай сынактарга аралаша албай тургандыгын, укугу жоктугун, баары мыйзам чегинде жүрөрүн айтып жооп кылган.

Кийин Чехия менен Кыргыздын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сындар айтылып баштаганда, биз бул сынактын кандай өткөндүгүн териштире баштадык.

Белгилеп кетиш керек, сынак Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерине эмес, 14 чакан ГЭСке жарыяланган. Сынактын жыйынтыгында чех компаниясы чындыгында эч ким сунуштабаган, өтө пайдалуу шарттарды сунуштагандыгы аныкталды. Алардын билдирмесинде кошумча милдети катары Жогорку Нарын каскад ГЭСин кура тургандыгы көрсөтүлгөн. Анын үстүнө биз «Русгидро» менен макулдашууну жокко чыгаргандан кийин бул объектке инвесторду активдүү издеп баштаганбыз. Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, алардын кызматтары башка атаандаштардан бир топ өйдөдө турган.

Бул тендердин комиссиясынын курамына мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, парламенттин депутаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргендигин белгилеп кетишим керек. Аталган компанияга байланыштуу жеңишти атайын жасалган кырдаал деп ойлобойм.

Ал эми Чехиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жаткандар өздөрүнүн ички саясатына байланыштуу. Мындан тышкары анда Алмазбек Шаршеновичтин командасына жана премьер-министрликке талапкер катары мага зыянын тийгизүүгө кызыкдар болгон жергиликтүү саясатчылардын катыштыгы бар экенинен шегим жок. Биз өкмөткө өтпөй калышыбыз керек, баары ушундай максат менен жасалууда.

— Айыптоо серияларын улантсак, фильмдин авторлору келишимден кийин сиздин Чехиядан кыймылсыз мүлк сатып алганыңызды билдирип жатышат. Жашыруун сыр болбосо, кайсы шаардан алдыңыз?

— Чехияда мен тилекке каршы болгон эмесмин, бирок ал жакка баруу кыялым бар. Чет өлкөдө эч кандай мүлкүм жок, анткени анчалык акча каражаты менде жок. Негизи эле чет өлкөдөн мүлк алайын деген ниетим жок. Мүмкүн бул ушундай фильмдерди буйрутма кылган айрым бир саясатчы-ишкерлердикиндей ой кампамдын жоктугунан чыгар.

— Эгер саясий абалды артка таштап, иш жүзүндө карап көрө турган болсок, Liglass Trading CZ компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткара алат деген үмүт барбы?

— Мамлекеттик комитет тарабынан бул компаниянын бардык документтери текшерилген, антпесе алар тендерге да катышмак эмес. Мындан тышкары, аталган ишкана сынакка катышууга керектүү болгон бардык каражатты төлөп берген. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казынасы да ырастайт. Аталган компания жарыяланган тендердин бардык талаптарына толук жооп берип, коюлган шарттарды аткаруу менен мыйзамдуу түрдө, биздин мыйзамдын бир да беренесин бузбай тендерге катышты.

— Бирок ишкананын каражаты жок болуп, алган милдеттерин аткара албай тургандыгы аныкталсачы?

— Келгиле, күтө турабыз, түзүлгөн келишимдерге байланыштуу алар банктык 30 күндүн ичинде 37 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты «Электр станциялар» акционердик коомунун эсебине которуш керек. Ал эми «Электр станциялар» акционердик коому бул каражатты карызды төлөө үчүн «Русгидронун» эсебине которот.

Эгер бул суммадагы каражат которулбаса, кыргыз тарап келишимди жокко чыгарууга укуктуу. Баса, банктык 30 күн — 15-сентябрда аяктайт.

АКШдагы саясий башкалка жана “Викиликстин” справкасы жөнүндө

— Видеодо “Викиликс” эл аралык уюму жарыялаган жашыруун телеграмма көрсөтүлөт. Аны 2009-жылы май айында АКШнын Бишкектеги мурдагы элчиси Татиана Гфеллер Вашингтонго жөнөткөн. Ал документте сиз элчиге “АКШнын авиабазасын сактап калуу жолун ачыктап берген” деп айтылат.

— Ошол учурда мен жетектеп турган Өкмөт аппаратынын эл аралык бөлүмү саясий чечимдерди кабыл алууда олуттуу таасир эте алган эмес. Тышкы саясат — бул президенттин укугу. Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмү — бул министрликтер жана мекемелер тарабынан берилген сунуштар боюнча негизги чечимдерди иштеп чыгуучу башкы орган.

Мен расмий билдирем (жана буга ишенсеңиздер болот): элчи Гфеллер менен эч качан жолуккан эмесмин. Бул толугу менен болбогон сөз. Мен АКШ элчисинин орун басары менен жолуккам. Ал же бул маселе жөнүндө сүйлөшүү үчүн келип жүргөн. Аны мен жашырбайм.

— Сиз ал сүйлөшүүдө чынында эле америкалык аскер базасы Кыргыз өлкөсүндө калсын дедиңиз беле?

— Төмөндөгүнү ырастай алам: мен чындап эле ОШОЛ УЧУРДА америкалык аскер базаны кетирүү майдан үчүн алып турган бюджеттик каражаттарды компенсациялабай туруп, өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбээрин айткам. Ошондой эле Бакиевдердин кланында башка, балким коммерциялык кызыкчылыктар бар экенин билдиргем. Мен баарын ачык айткам жана корккон эмесмин. Бул Бакиевдин биздин орусиялык кесиптештерден өтө көп сумма акча өндүрүп алганга чейин болгон.

Мамлекет кандайдыр бир чечим кабыл алууда ал улуттук кызыкчылыктар аркылуу өтүшү керек деп эсептейм. Орусия — биздин союздаш, стратегиялык өнөктөш экенин тастыктагым келет. Акча алып туруп, анан Орусияны орто жолго таштап кетүү – бул өлүмгө тете.

Чечимди албетте, ошол учурдагы өлкө башчысы кабыл алган. Бирок бардык чечимдер туура жана мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына шайкеш келиш керек. Бул абдан маанилүү.

— Видеодо автор андан ары 2010-жылдын 7-апрелинде сизди “АКШда болгон жана революция жөнүндө кабарды укканда саясий башкалка сураган” деп жатат.

— Ооба, ошол күнү мен АКШда болгом, бирок саясий башкалка сураган эмесмин. Ал жалган. Вашингтондо Катчылык менен Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) кызматкерлери болгон. Биз жыл сайын болуучу эки тараптуу кеңешмеге даярданып жатканбыз. Бул биз кылчу кадыресе жумуш.

Бир жагдайды түшүнүшүңөр керек, анда мен белгилүү бир процесстерге таасир кыла ала турган чоң жетекчи эмес, өзүнүн тапшырмасын аткарган катардагы кызматкер болгом. Бизге улуттук кызыкчылыктан тыш тапшырмаларды беришкен жок, анткени мен өз өлкөмө каршы тапшырмаларды же коррупциялык схемаларды жасабайт болчумун. Эгер мен ошол учурда бир нерсе кылган болсом, аны бүгүн сөзсүз таап чыгышмак.

— Эгер сиз саясий башкалка сураган болсоңуз, кандайдыр бир арыз, күбөлөр же фото сакталмак да…

— Бул бекер сөз.

— Видеодо 2010-жылдын 7-апрелинде аянттагы канга боёлгон жаштардын сүрөтү көрсөтүлөт. Кадрды коштоп “70 жаш кыргызстандыктар Исаковдун эркиндиги жана анын миллиондогон байлыгы үчүн гана канын төккөн жок” деп айтылат. Жалпы улуттук трагедияны колдонуп сизди каралагандарга кандай баа берет элеңиз?

— Алар өтө коркунучтуу адамдар, аларда эч кандай принцип жок. Эгер мен андай адам болсом, бардык жоруктар эбак эле ачыкка чыкмак.

Өз өлкөмө жыргалчылык алып келүү жана жумушка болгон максималдуу берилүү Алмаз Шаршенович үйрөткөндөй менин принципиалдуу тапшырмам. Бул пафос менен айтылган сөз эмес. Атамбаев өзүн байытуу, кошоматчылык менен алектенген адамдарды жанына албайт. Ал өз командасына сөзү менен эмес, иш жүзүндө Мекенин сүйгөн, бардык ишти мамлекеттин пайдасы жана жемиши үчүн кылган, ал үчүн баарын жасаган адамдарды чогулткан. Ал саясатчылардын максаты — жаш командага жол бербөө, “Таза коом” сыяктуу амбициялуу долбоорлорду, мен парламентке алып бара турган жаңы өкмөттүн прогрессивдүү программасын ишке ашырбоо болсо керек.

Байлыгы жөнүндө

— Айыптоолорго кайтсак, кантип сиз Кыргыздын эң бай 100 адамы деген тизмеге кирип калдыңыз?

— Мен үчүн да бул табышмак. Tazabek сайтындагылар аныкташты, 100 эң бай кыргызстандыктар тизмеси журналисттер тарабынан түзүлгөнү чын экен. Ал тизмеде мен жокмун. Кийин басылма эксперттердин, жарандардын сурамжылоосуна таянып, дагы бир бай адамдардын тизмесин түзүп чыккан. Эмнегедир бул ирет мен кошулуп калгам. Бирок бул расмий тизме эмес. Чынында, менде байлык дегенден шаардагы 3 бөлмөлүү батиримди, унаа жана жер төлөдө жайгашкан машина токтотуучу жайды айтууга болот.

— Дагы бир айыптоо сизге эле эмес, президенттин экс-кеңешчиси Калыкбек Султановго да карата айтылат. Аны менен сиз жолдорду оңдоп-түзөөгө берилген кытай кредитинен 1,5 миллиард долларды «ийгиликтүү өздөштүрүп» алганыңыз айтылат. Автор ар бир чакырым жол үчүн ыраазы болгон кытайлар жоопкерчиликти алган адамдарга төлөйт дейт. Цитата келтирсем, «АКШнын көптөгөн жүздөгөн долларлары»…

— Бул деген болбогон кеп. Биз жолдорду мамлекеттик кытай компаниясы куруп жатканын билишибиз керек. Мындай компания тобокелге салып коррупциялык схемага барбайт. Анткени Кытай бийлиги коррупция менен ийгиликтүү күрөшүп келет. Кытай мамлекеттик компаниялары үчүн мүнөттүк пайдага караганда кадыр-баркы маанилүү болгондуктан, кымындай коррупциялык курамы бар ишке баруу — алардын кызыкчылыгында эмес.

Ал эми Калыкбек Султанов жөнүндө айтсак, ал акчага муктаждыгы жок абдан бай адам. Ал башкарган курулуш компаниясы Кыргыздагы мындай рынокто номер 1 деп атоого болот. Андыктан Калыкбек Султановго өз имиджин бузуунун эмне кереги бар? Мен дагы бир жолу кайталайм, бул деген сандырактык. Бул ушундай калпка, ушундай жолго барган адамдарды мүнөздөйт. Алар мекендин кызыкчылыгын сатууга даяр болгондуктан, башкаларды да өзүндөй ойлоп жатышса керек. Андыктан алар бийликке келсе, кандай саясатты жүргүзөрү белгилүү.

 Видеонун соңунда кийинки серияларында Кыргызстандагы жашоо жөнүндө коркунучтуу чындык жана сиздин Максим Бакиев менен байланышта экениңиз, эл аралык сотто саботаж кыларыңыз тууралуу анонс айтылат.

— Бул деген эми калп эле эмес, абсурд! Техникалык жактан алып караганда да. Кандайча 7 жыл бою кыргыз элинин эң башкы душманы болгон Максим Бакиев менен байланышта болом да, анан бул нерсени эч ким билбей калат? Бүгүн техникалык жактан ар кандай билдирүүнү, телефон чалууну көзөмөлдөөгө болот.
Эгерде факт болсо, кантип эле менин душмандарым жок дегенде бир факттан пайдаланып калышпасын? Эгерде майда-чүйдөсүнө чейин эстей турган болсок, анда Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ЦАРИИ) болгон мезгилде Максим Бакиевдин катышуусундагы жыйындардын 2-3өөсүндө гана болгом. Башка жок. Аны менен башка сүйлөшкөн эмесмин. Биз аны менен түзмө-түз иштешчү эмеспиз. Бул жөнүндө ошол агенттикте иштеген бардык кызматкеринен суроого болот.

Кадыр-баркты коргоо жөнүндө

— Фильм анонимдүү экенине карабай, анда саясатчы катары сизге карата олуттуу акарат жаңырган. Алсак, сизди эч качан эл менен болгон эмес, аны жалаң гана мамлекеттик кызмат жана өз кызыкчылыгы үчүн бийликти колдонот деген сыяктуу учурлар айтылат. Бул видеофильмдин авторлорун сотко берүү ниетиңиз барбы?

— Мен сотко бергим келип жатат, бирок ким жасаганын билүү үчүн чыныгы булакты табышым керек. Абдан сотко бергим келип жатат, бирок жооп берүүчүнү табыш керек.

Сотто кадыр-баркымды коргоого жана анда айтылган ар бир сөз жалган экенин далилдөөгө даярмын. Мен үчүн жумуштагы репутациям абдан маанилүү. Ал эми видеодо айтылган кемсинтүүлөр мага чоң зыян алып келет.

Премьерлик жөнүндө

— Премьер-министрлик кызматка сиздин талапкерлигиӊизди көрсөтүү пландалууда. Бул жогорку кызматка карата өзүӊүздүн пландар тууралуу айтып берсеӊиз.

— Пландар эӊ укмуш. Баарынан мурда мен өкмөткө келген команданын парламент депутаттары менен туура, планга ылайык иш жүргүзгөн команда болушун каалайм. Анткени, депутаттардын да шайлоо алдында айткан убадалары, программалары бар, алар биз жасагыбыз келген пландарга абдан шайкеш келет. Мына ушул абдан маанилүү.

Эгерде депутаттар бизге ишеним көрсөтүшсө, парламент менен тыгыз кызматташтыкта алдыга жылып, өлкө бардык багыттар боюнча өнүгүүсү үчүн иштөөнү каалайбыз. Биздин өкмөт тарабынан бир аз стандарттуу эмес, бирок абдан жөнөкөй, түшүнүктүү жана өтө кызыктуу программа сунушталат,

— «Таза коом» долбоору кандай ишке ашып жатат?

— «Таза коом» долбоору планга ылайык бара жатат. Менде аталган долбоор боюнча күн сайын 4-5 кеӊешме өтөт. Бардык багыттар эффективдүү ишке ашуусу үчүн ар бир нюанс, деталдарын талкуулайбыз. Бул долбоорду ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктарын жакын арада көрсөтүү үчүн биз өкмөт менен абдан тыгыз байланышта алдыга жылып баратабыз.

— Эл аралык уюмдардын ичинен кимиси аталган долбоорду колдоо ниетин билдирди?

— Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, көптөгөн эл аралык уюмдар азыр биздин жаныбызда турушат. «Таза коом» долбоорунун алкагында биз БУУ кабыл алган туруктуу өнүктүрүү боюнча 17 максатты ишке ашырабыз.

Мындан тышкары, өкмөттүн программасында ар бир долбоор, өлкө турмушунун бардык тармагы «Таза коомго» кирди. Эӊ маанилүүсү, кандайдыр бир мамлекеттик тейлөө көрсөтүүдө жарандардын ошол кызмат көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлер менен карым-катышы дээрлик болбойт. Мунун баары ыраактан, компьютер аркылуу жеӊил жана тез, мамлекеттик портал аркылуу үч чакырык ыкмасы менен ишке ашырылат.

— Улуттук стратегия-2040 тууралуу да айтып берсеӊиз.

— Стратегия боюнча да иш толук кандуу жүрүүдө. Биз кадыр-барктуу эксперттерди тарттык, негизинен булар дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларынан билим алышкан биздин мыкты жаштар. Учурдан пайдаланып, жасаган иши үчүн аларга ыраазычылык айта кетким келет.

Бүгүнкү күндө биз Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын үстүндө жакшыртуунун негизинде иштеп жатабыз, бир топ убакыттан кийин өлкө президентинин, андан ары Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеӊештин мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилет. Биз бул стратегиянын негизги өзөгүн таптык деп эсептейм. Эми коомчулуктун жана президенттин кароосуна коюунун алдында толуктап иштеп чыгып өркүндөтүү керек.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу