Сапар Исаков Баткенде келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды

Сапар Исаков кечээ,  28-ноябрда, Баткен областын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Аймактын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат менен Өкмөттүн Баткен областы боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев тааныштырды.

Ошондой эле ал Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын жана “Таза коом” улуттук долбоорунун алкагында пландаштырылган жана ишке ашырылган долбоорлор тууралуу билдирди.

Мындан тышкары Абиш Халмурзаев областтын айыл-чарба, өнөр-жай жана инфраструктурасын  өнүктүрүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу айтып өттү.

Премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн аймактарын бара-бара өнүктүрүү жана алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы  аймактардагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошондой эле Сапар Исаков жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган аймактын райондорунун, шаарларынын жана айылдарынын жол четиндеги инфраструктурасын модернизациялоо жана аларды бир калыпка келтирүүгө Баткен областынын бийлигинин көңүлүн бурду.

Муну менен катар Премьер-министр Баткен областында Нарын областынын Ат-Башы районунда жайгашкан логистикалык борбор сыяктуу логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө кыска жана узак мөөнөттөгү инвестициялык долбоорлордун планын  иштеп чыгууну тапшырды.

Андан ары Сапар Исаков  жалпы областтардын жетекчилиги менен инвестициялык долбоорлордун планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча кызматтык жолугушуулар өткөрүлөөрүн баса белгиледи.

“Өкмөт мүчөлөрү жергиликтүү бийликтин жана  областтын жетекчилери менен бирге аймактарды өнүктүрүүдөгү тиешелүү көйгөйлөрдү ар дайым талкуулап турат.  Мындай тажрыйба бизди ар дайым аракет үстүндө болууга жана аймактардагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.  Баткен облусунун иш жыйынтыгы алгачкылардан бролуп каралды, мындан ары бардык облустардын өнүгүү боюнча пландары, инвестициялык долбоорлору, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча отчеттору угулат», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу