Сапар Исаков «Акылдуу шаар» алкагында койдурдук деген камералар дагы ижарага алынган экен, ижара акысы ким төлөрү көрсөтүлбөптүр.

Азыркы тапта абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков калпты да окшоштуруп, тим эле эзилип айта бере турганын анча-мынча билип калбадыкпы. «Тарых музейи менен элибиз аябай сыймыктанат да, мен ушул реконструкциялоонун башында өзүм куратор болуп атам» деп убагында телеканалдардын бирине маек курганын да билебиз. Ал реконструкция менен кантип сыймыктана турганыбызды (14 000 евролук жыгач ат, 600 долларлык устун жана башкалар) акыры билдик.

Ошол сыяктуу эле С. Исаков өкмөт башчылык кызматты аркалап турганында «Биз төрт көчөгө видеокамераларды орноттук» деп айткан болчу. Ал муну менен коопсуз шаар долбоорун жүзөгө ашырып баштадык дегенди каңкуулагандай болгон. Көрсө, ал видеокамераларды С. Исаковдун өкмөтү орнотпой эле, жөн гана ижарага алышкан экен. Анан дагы ал ижара акыны ким төлөй турганын чечпептир.
Демек, ал элди бир эле маселе менен эки жолу алдаган болуп атабы? Ижарага алынган нерсени «орноттук» деп, анан ал ижара акыны төлөөнүн жолун да чечпеген Сапар мырзага рахмат айталыбы? Бул ачык эле элдин көзүн будамайлоо эмеспи.
Катардагы кызматкер болсо да бир жөн эле, өлкөнүн үчүнчү адамы болуп туруп (ошол кезде премьер-министр эле да) калпты ышкыртканы кандай? Бул боюнча да тиешелүү органдар тийиштүү чараларды көрүшөөр. Балким, ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп калышы да мүмкүн го.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу