САПАР ИСАКОВДУ ТОКТООСУЗ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ КЕРЕК

Кыргызстандын эгемендүүлүгүндө Сапар Исаков 31 – премьер-министр. Анын иштегенине 8 айдын жүзү болду. Алгач ал өкмөт башчы катары ар тармака басым жасап иштөө ниетин билдирип, «Ийгилике 40 кадам» программасын жарыя кылды. Бир чети өкмөт башчылыгына жаш кадр келди деп коомчулук да колдоп берди. Бирок ал үмүттөрдү Сапар актаган жок. Эл ишениминен эбак чыкканына беш ай болду.

Иш жүзүндө Сапар Исаков кадр алмаштыргандан артык алгылыктуу иш жасай алган жок. Ар бирине токтолбой, жалпылап айтканда Лиглас, Мегаком, ТЭЦ, Акылдуу шаар маселесинде Сапар Исаковдун чийкилиги айдан ачык көрүндү. Анын программасы азыр толугу менен кыйрап, жаназасы эбак окулуп бүтсө да, эч кимди тоготпостон болушунча көгөрүп алигиче ишин улантып келе жатканы таң калтырат.

Сапардай бетбактын кызматтан кетпей креслодо чапташып отурганын азыр бир эле сыры бар, ал Атамбаев парламентке келгиче бийликти колдон чыгарып ийбей сактап туруу вазыйпасын аткарып жатат. Мындан башка анда максат жок. Ошондуктан Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун күтпөстөн азыртадан отставкага кетирүүлөрү керек. Антпестен депутаттар жок отчетту күтүп отура берсе, убакыттан уттуруп Атамбаевдин арам саясий оюнун курмандыктары болуп калышы толук ыктымал.

Булак: Мезгил

Аргумент.kg
Жооп калтыруу