Сапар Исаковдун үч айы

Мына ачып көздү жумгуча дегендей эле жаңы жаш премьер-министрдин бийик кызмат сересине келгенине үч айдын жүзү болду. Азыр бул жаш өкмөт башчысы эмне ийгиликтерди жаратып эмне кемчиликтерди кетирди деген суроого жооп издесек туура болчудай. Адегенде Сапар Исаков «40 кадам» деген ат менен терең амбициялуу планын жарыялаган. Кытайдын Ден Сяопини сыяктуу өлкөнүн экономикасын тез эле алдыга жылдырса болот деген чоң ойлорду ачык айткан. Анан да өкмөтүнө көпчүлүгү жашыраак жетекчилерди алып «айтылган пландарды тезирээк эле орундатыбыз» деп билдирүүлөрдү да жасаган.

Бул үч ай эмнелерди көрсөттү? Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымына караганда «Бул үч айда Сапар Исаков өз алдынча эч кандай кадам таштаган жок. Жөн гана президенттин айткандарын аткарып отурду.» Дагы бир эксперт мурда өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген Базарбай Мамбетов Исаковдун да анын жаш командасына да ичи чыкпай калганын ачык айткан. «Өлкөдөгү кырдаалды түшүнбөгөн, кабинеттен чыкпай иштеген жетекчилер болууда. Булардан майнап чыкчудай эмес».

Кыргыз- казак мамилеси оорлошуп, чек-ара татаалдашып кеткенин оңдоого Сапар Исаков адегенде белсенип киришкендей сыяктанган. Бирок, анысынан  эч кандай майнап деле чыкпады. Шериктеш өлкөлөрдүн өткөн бир жыйынында «Сапар Исаков Назарбаев менен жолукту. Маселе чечилди» деген билдирүү тарап кеткен. Бирок, бат эле андай болбогондугу билинди. Мунун өзү да оңой минус эмес.

Биринчи декабрдан баштап жаңы өлкө башчысы менен премьер-министр кандай иштешет? Учурдагы конституция берген мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана алабы же де-факто азыркы учурдагыдай жөн гана аткаруучуга айланабы? Сыртынан карап отурсаң Исаков билимдүү, интелегенттүү, маданияттуу көрүнөт. Бирок, анын ашкере маданияттуулугу мойнуна тагылган милдетти аткарууга тоскоол болбойбу? Аз эле калды. Көрө жатаарбыз…

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу