Сапар Исаковдун эл менен иштеше албай турганы Тогуз-Тородогу митингде дагы бир ирет тастыкталды.

Жалал-Абад облусунуна караштуу Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын имараты өрттөлдү. Ишканага нааразы болуп чыккандардын саны 1000 кишиге чамалаган. Бирок, милиция, өкмөт бул маселеде алсыз экенин далилдеди.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо КСДП фракциясынын жыйынында акимди иштен алам деп опурулганы менен маселени чечүүнүн конкретүү жолун сунуштай албады. Тогуз-Тордогу «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын айланасындагы чуу бир айдан бери уланууда. Анда элдин талабын угуп, жергиликтүүлөр менен инвесторлордун ортосунда диолог, сүйлөшүүлөр, түшүндүрүү иштери такыр болгон жок.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо ар кайсы жерге барып сүрөткө түшүп, анысын интернетке жарыялып, курулай пиар менен алек. Эгер Сапар Исаков тың болгондо, эл менен иштешкенди билгенде бул маселени эчак чечип, ызы-чуу салгандарга түшүндүрү иштери жүрмөк. Инвесторлорднун мүлкү өрттөнмөк эмес. Муну менен азыркы өкмөт экономиканы көтөрмөк тургай эл менен тыгыз иштеше албай турганын далилдеди. Мындай алсыз министрлер кабинетинен кимге кереги бар?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу