САПАР ИСАКОВДУН ЭЛ БИЛБЕГЕН “КУХНЯСЫ”…

Бизде бийликтеги адам бийликтен кетээр замат артынан былыктары чыга баштайт. Мындай сапаттан жаш өкмөт башчыбыз да куру калбаптыр. Маселен, 2009-ж. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда С.Исаков КР Премьер-министри И.Чудиновго айтпай туруп АКШнын Борбордук башкаруусунун башчысы генерал Дэвид Петреус менен жолугушуп жумушчу жыйын өткөзгөн. Анын жүрүшүндө “Манас” авиабасынын жабылышы жана Вашингтон менен авиабаза жайгаштыруу мөнөтү боюнча кол коюлган макулдашуунун узартылбай тургандыгы жөнүндө жашыруун малыматтар ачыкталган. Бу иш боюнча С.Исаковдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жыйынтыгы чыккан. КР Президенти расмий түрдө “Манас” авиабазасынан АКШ аскерлеринин чыгарылышын жарыя кыла электе болгон мындай иш чындыгында өтө чекилик болгон. Анын үстүнө КРдагы АКШнын элчисинин орун басары ЭРЛ Ли Литенбергер менен болгон тымызын байланыш акыры жүрүп достукка айланган. С.Исаковдун АКШнын өкүлдөрү менен болгон мамилесине «Wikileaks» сайтына жарыяланып кеткен АКШнын КР дагы элчиси Татианы Гфеллердин 2009-жылдагы жашыруун баяндамасы күбө боло алат. Анын баяндамасында “ кыргыз инсайдери саясий чечим кабыл алаарда жеке кызыкчылыгын гана ойлойт” деп жазылган. А чынында чыныгы инсайдер С.Исаков эле. С.Исаковдун дарегине келген дипломатиялык жашыруун кат «strictly protect» деп белгиленген. Демек бул документ аяр сакташы керек эле. Ал кезде Россия Кыргызстандан авиабазаны чыгарууну, ал эми АКШ калтырууну көздөп жаткан. С.Исаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кетирген кемчиликтери үчүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыш бөлүмүнүн башычылыгынан бошотулган. Айласы куруган Сапар Максимге жабышып ЦАРИИге жумушка орношот.
С.Исаков тууралуу дагы бир жагдай. Ал “Ала –Арча” мамрезиденциясынын жанына жайланышкан «Идеал хаустун» 48 коттеджине байланышкан чыр. “Фергана.ру” сайтына жарыяланган Э.Алканованын “Кто стоит за скандальной сделкой по продаже VIP-городка «Идеал Хаус» в Бишкеке? Часть II» көрмөролигинен кийин бул чыр дагы күчөдү. Анткени анда коттедждерди сатып алган “БТА Банк” директорлор Кеңешинин Башкармалыгынын төрагасы Т.Рыскулов делет. Көрсө, Сапардын агасы Капар Исаков анын кеңешчиси болуп иштейт экен. Буга чычалаган өкмөт башчы КР Башкы прокуратурасы тарабынан өзүнүн намысын коргоп кылмыш ишин козготкон.Акыры карга карганын көзүн чукумак беле. Ак болуп чыкты жаш жигит…

Булак:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу