Сапар Исаковдун экс-кеңешчиси: «Өмүрбек Текебаевди бир адамдын арызы менен камап коюу — чектен ашкан наадандык»

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевди бир адамдын арызы менен камап коюу чектен ашкан наадандык болгон. Мындай пикирин Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов 30-майда Твиттердеги өздүк баракчасына жазды.

«Өз кезегинде бир адамдын арызы боюнча ТӨЧтү (ред. Текебаев Өмүрбек Чиркешович) камоо — бул чектен ашкан наадандык болгон. Бул факт чала жан болгон соттук системдин табытына акыркы мыкты какты. Бүгүн башкалардын башына түшкөн абалга биз да кабылып калышыбыз мүмкүн экенин коомчулук эсинен чыгарбашы керек», — деп айтылат анын калтырган пикиринде.

Ошондой эле Момункулов учурда бир адамдын жазган арызы менен кылмыш ишин козгоо, тилекке каршы, көнүмүшкө айланып калганын кошумчалаган.

Момункулов Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директорулугунан 28-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу мененбошотулган. Ал 2017-жылдын 5-сентябрынан тарта ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп иштеп баштаса, 16-ноябрда агенттиктин директорулугуна дайындалган болчу.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго«Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу