Сапар Исаковдун туура эмес чечиминин азабын азыркы өкмөт тартып атабы?

Экс-президент А. Атамбаев өзүнүн бийликтеги мөөнөтү аяктарына жакын ал кездеги премьер-министр С. Исаковго «Р. Матраимовду кызматтан ал!» деген буйрукту бергенин өзү да жашырбай айткан. Дал ошондой буйруктун негизинде гана С. Исаков Р. Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотуу буйругун чыгарган. А. Атамбаевдин айтымында Р. Матраимов бажы тармагында «серый кардинал» болгон. Албетте, Р. Матраимовго жан тарткыбыз келбейт. Эгерде ал «серый кардинал» болуп, мамлекетке ири суммада зыян алып келип жүргөн болсо, анда мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Бирок, али далилдене электе эле кызматтан алып таштоо негизсиз болуп каларын жакшы билет эмеспизби. Айтор, эгерде С. Исаков «кожоюнунун» эле айткан буйругу менен иштебей, Р. Матраимовдун мамлекетке келтирип аткан зыянын адегенде ачыктап көрсөтүп, анан гана кызматтан алганда, мындай маселе жаралмак эмес. Себеби, Р. Матраимов «С. Исаков мени жумуштан негизсиз алып койду» деп сотко доо арыз менен кайрылган. 25-июль күнү бул ишти караган Биринчи Май райондук соту Р. Матраимовдун доосун канааттандырып, анын кызматына кайтуусуна уруксат берген чечимди чыгарды. Мындай чечимдин чыгышы айрым саясий күчтөргө табылгыс шылтоо болуп калды. «Р. Матраимов президент С. Жээнбековдун кудасы да. Анан ал соттун ишине кийлигишип, ушундай чечим чыгарттырды» деген сыяктуу комментарийлерди социалдык түйүндөрдө атайылап жазып аткандар болууда. Биринчиден, президент С. Жээнбековдун Р. Матраимов менен эч кандай кудачылыгы жок. Экинчиден, мамлекет башчысы сот иштерине кийлигишпейт, кийлигишүүнү каалабайт дагы. Үчүнчүдөн, Р. Матраимовдун доо арызы боюнча чыгарылган райондук соттун чечими – бул акыркы чечим эмес. Алдыда дагы эки инстанция бар. Андыктан чолок ойго алдыруунун же кимдир-бирөөнүн саясий кызыкчылыгы үчүн бийликке көө сүйкөөгө аракет кылуунун пайдасы жок.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу