Сапар Исаковдун Кытайга байланышкан кыңыр иштерин Азамат Үсөнов тазалап турганбы?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо ири коррупция бар экени ачыкка чыгып, ал келишимди түзүүнүн, кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргоонун башында ошол кездеги КР президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган Сапар Исаков турганы да билинип калгандан бери бул сары баланын уйкусу такыр качты. Ал парламентте депутаттардын жарга такаган суроолоруна дурустап жооп бере албай, ар кандай шылтоолорду айтып, эптеп эле актануунун амалын жасады. ТЭЦти модернизациялоодогу келишимдер боюнча «Кытай тарап кредит берип атканда техниканы бизден аласыңар, кытай жумушчулары иштеши керек деген талаптарды коюшкан», — деген сыяктуу актанууларды айтты. Андан сырткары кайрып төлөөдөгү үстөк пайызы эмне үчүн 2%тен жогору экенин да жаналекетке түшүп эле түшүндүрүп атканынын да сыры ачылды. Көрсө, ал мамлекеттик эмес, коммерциялык «Эксимбанктан» гана кредит аласыңар деген талаптарды коюп жатышат деп карандай калпты ышкыртып, карапайым элдин кулагына кесме илип атыптыр да.

Ошондой эле мамлекеттик «СПЕК» менен эмес, жөн гана кабель чыгарган ТВЕА компаниясы менен келишим түзүшкөнүнүн жандырмагы эми түшүнүктүү боло баштады. Көрсө, Сапар Исаков «аташкасы» Алмазбек Атамбаев экөө Кытай элчилигинин канцеляриясында иштеген бир кеңешчисинин «тилин таап», ал аркылуу ТВЕА компаниясын өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну жүзөгө ашырышса керек. Ошол иш боюнча ал кеңешчини учурда камакка алды деген да кабар тарады.

Ишке ашпай калган «Лиглас» компаниясы менен келишим түзүүдө да С. Исаков Чех республикасынын президентинин аппаратынын канцеляриясынан «Лигласты» сунуштаган кат алдык деп айтканын укпадык беле. ТВЕА жана «Лиглас» экөөнүн тең келишимдерин түзүүдө окшоштуктар бар бекен? Ошондо С. Исаков жалаң эле канцелярия менен кызматташат окшойт деген ой кантип келбей койсун?

Ошентип Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык компания менен түзүлгөн келишимдеги катачылыктарды жаап-жашырып туруу үчүн деп өткөн жылы апрель айында борбор калаанын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы Азамат Үсөновду Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кылып шашылыш дайындай салышса керек. Ал жигит убагында Жаныш Бакиев Кытайга барып калганда жанында котормочу болуп, арагын куюп берип эле чуркап жүрүүчү. Элчиликте эмес, Үрүмчүдөгү консулдукка жаңыдан гана жумушка орношкон. Анан эле аны өтө шашылыш ТИМ министринин орун басары кылып дайындап, андан ары Кытайга элчи кылып жиберип атышпайбы.

Демек, С. Исаков А. Атамбаев экөө өздөрүнүн жасаган былык иштеринин артын ушул жигит тазалап турат деп ишенишкен. Бирок, баарын ТЭЦтеги авария ачыкка чыгарып салып атпайбы.

Баса, дагы бир белиглей кетүүчү жагдай, С. Исаков «Кытай тарап таарынып калат, алар бизге талаптарды койгон» деп аткан актануулары жөн гана шылтоо экени билинди. Кече жакында эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишпей турганын, ТЭЦтеги маселени талкуулоо Кыргызстандын өзүнүн ички иши экенин билдирди. Анын айткан сөздөрүнө караганда Кытай бийлиги кредит берип атканда Кыргызстанга С. Исаков айтып аткандай талаптарды деле койбойт экен.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу