Сапар Исаковдун кадрдык жүрүштөрү

Бардыгынын оюу боюнча жаш өкмөт башчынын эң күчтүү кадрдык жүрүшү бажы тармагында жетекчинин орун басары болуп жүргөн, “миллион” деген каймана аты бар Райым Матраимовдун кызматтан четтелиши болду өңдөнөт. Эмне үчүн? Ал болгону жетекчинин орун басары да. Көрсө кеп анда эмес окшойт. Саясаттын ички агымдарын билем дегендердин айтымына караганда, дал ошол Райым Матраимов көмүскөдө туруп, кадрларды тескөө сыяктуу орчундуу маселелерди чече алгандардын бири делчү эле. Сапар Исаковдон анын кызматтан кетиришинин себептерин сураганда, өзүнүн сыпаа дипломаттыгына салып “бул кадр алмаштыруудан кийин дагы бир топ кызматтан кетирүүлөр болот”,-  деп татаал суроодон буйтап кете алды.

Демек, жаш премьер тажырыйба ала баштаганынан кабар берип тургансыйт. Бир чети Сапар мырзага оңдой берди болуп турат. Анткени Президент Сооронбай Жээнбеков жаңыдан гана ишине киришип жатат. Ал да азырынча  абайлап, кылдат иш жүргүзөөрү белгилүү. Балким ошол учурдан пайдаланып, жаш өкмөт башчы негизги кадрдык жүрүштөрдү жасап алышы мүмкүн. Бирок, бара-бара эки үлкөн жетекчинин ортосунда де-факто биринчилиги үчүн тымызын же ачыктан-ачык  карама-каршылык чыгышы толук мүмкүн. Анткени Баш мыйзам боюнча бийликтин басымдуу бөлүгү премьер-министрдин колунда. Бекеринен эск-президент Алмазбек Атамбаев декабрдан баштап эле  “президенттин укугу чектелгенин көрөсүңөр”,-  деп айтпаса керек. Кыргызстандын шартында кээде жазылган мыйзам менен  реалдуу турмуштун ортосунда бир топ эле ажырым болот.  Демек, иш жүзүндө мындай бийликти бөлүштүрүү кандай картинага ээ болот?

Бүгүнкү күндөгу эң татаал суроонун бири ушул.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу