Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылды. Бул ишти 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту түнкү саат 12ге чейин карап, ушундай чечим чыгарды.

Бул тууралуу Исаковдун мурдагы маалымат катчысы Гүлнура Торалиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Мурдагы премьер-министрдин абактагы мөөнөтүн узартууну УКМК суранган.

31-июлда Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Адвокат Нурбек Токтакунов «Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон» деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов андан кийин Жогорку Сотко да арыз берген.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу