Сапар Исаковго оңдой берди болуудабы?

Кийинки мезгилдеги окуялар жаш өкмөт башчы үчүн бир топ эле пайдалуу жагдайларды түзүп берди өңдөнөт. Ал Сочидеги саммитке Президенттин ордуна барып келди. Андан кийин эле татаалдашып кеткен чек-арадан өтүү маселесин чечкенге Астанага жөнөдү. Баш жагында өзгөчө жүк ташуучу унаанын чек арадан  өтүү маселеси чечилген сыяктанган. Бирок, ал жердеги ахвал татаал бойдон калганын маалымдашууда.

Андан кийин эле өкмөт башчылардын жолугушусуна Ераванга жөнөп калды. Ошол жерде саммиттин учурунда Сапар Исаков казакстандык коллегасы Бакытжан Сагинтаев менен чек-ара маселеси боюнча «кер-мур» айтыша кетти деген маалымат тарап калды.

Чындап эле, эки өкмөт башчы ошондой ахвалга жетиштиби? Фактыларды иргеп көрөлү. Сапар Исаков кеңешме жүрүп жаткан учурда ушул маселени көтөрүп чыккан экен. Андан кийин Казакстандын Өкмөт башчысы менен жолугуп кеңири талкууга алган экен. Өкмөттүн маалымат бөлүмү кабарлагандай проблеманы чечүү жолдору белгилениптир.  Демек, көбүртүп жабыртып «экөө чатакташып кетиптир» дегенге негиз деле жок окшойт. Болгону бир өлкө өзүнүн дооматын айтты, экинчиси ага каршы аргументтерин билдирди. Бул мамлекет аралык мамиледе боло жүрчү кадыресе маселелер. Бирок, ушул жерден белгилей кетүүчү нерсе, мына ушуга окшогон жүрүштөр Сапар Исаков үчүн бир топ эле «пиар» болуп жаткандыгы түшүнүктүү.  Далай аналитиктер мындай саясий жүрүштөрдүн мелгежен бутасы эмнеде экендигин декабрь айы көрсөтөт деп жатышат.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу